Өзбекстандын Фергана облусу Баткенге медициналык каражаттарды жиберди


Өзбекстандын Фергана облусу Баткен облусуна жалпы баасы 6 млн 300 миң сомду түзгөн медициналык шаймандарды жиберди. Гуманитардык жардамда коргонуучу каражаттар жана ооруну аныктоочу лабороториялык шаймандардан бар.

Бул иш-чара Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов менен Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевдин сүйлөшүүлөрүнүн негизинде жүргүзүлгөн.

Баткен облусунун жетекчилиги, кошуна Өзбекстан Республикасынын Президентине жана Фергана облусунун жетекчилигине оор кырдаалда көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, буга чейин эки облус башчылары коронавирус илдети менен күрөшүүдө зарыл болгон коргонуучу каражаттары, азык түлүк продукциялары боюнча эки тараптуу бир катар жардамдарды берип келишкен.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо