Боронов: эмгек өргүүдөгү бардык дарыгерлерди чакыртуу керек


Мындай тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди. Анын айтымында, өлкөдөгү эпидемиологиялык абал чечкиндүү аракеттерди талап кылып жатат.

«Ооруп калган жарандарга азыр, ушул жерде жардам берүү кажет. Биринчи кезекте адамдар медицина кызматкерлеринин көмөгүнө муктаж. Алар бүгүн өлкөгө абадай зарыл болуп турат. Ооруп жаткандар дарыланып, саламаттыгын чыңдашсын. Бирок дени сак жана эмгек өргүүсүндөгү медкызматкерлер ишке чыгып, күнү-түнү нөөмөттө туруп, бейтаптарды кабыл алып жаткан кесиптештерине жардам берүүгө тийиш», — деди  Боронов. 

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча  бүгүнкү күнү медкызматкерлердин бир бөлүгү эмгек өргүүгө кеткен.

«Дарыгерлер силердин өтүнүчтү туура түшүнүп, жакында ишке чыгышат деп ишенем. Учурда оорунун күчөгөн учуру Бишкек шаарына жана Чүй облусуна туура келди. Илдет менен күрөшүүгө аймактардан дарыгерлер келишти, өлкө аймагынан тышкары жашаган медицина кызматкерлерибиз дагы четте калышкан жок. Бирок региондордо дагы квалификациялык медициналык жардамга муктаж жашоочуларыбыз бар. Ошондуктан Бишкекте жашаган саламаттыкты сактоонун бардык кызматкерлерин өргүүдөн ишке чыгууга чакырам», — деп белгиледи премьер-министр. 

Кыргызстанда 1287 медицина кызматкери коронавирус жугузуп алдыу, алардын ичинен 522си айыгып кетти, жетөө кайтыш болду.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо