Өмүрбек Текебаевге жана анын жубайына коронавирус жукту


«Ата Мекен» партиясынын лидери, парламенттин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев жана анын жубайы Айгүл Текебаева коронавирус жуктуруп алды. Маалыматты 24.kg агенттигине алардын жакындары ырасташкан.

Маалым болгондой, Өмүрбек Текебаевдин дене табы көтөрүлүп үйүндө жатат. Жубайына COVID-19 диагнозу коюлган, учурда ооруканага жаткырылды.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлеринен жана депутаттардан коронавирус аныкталган. Экс-спикер, депутат Чыныбай Турсунбеков эки тараптуу пневмониядан улам каза  болуп, 7-июлда жерге берилди.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо