Медициналык беткаптын зыяндыгы тууралуу маалымат — жалган


Ушул тапта соцтармак, мессенджерлерде “Казакстанда жаңы маскадан вирус жуктуруп өлгөндөр көбөйүп атыптыр. Ал беткаптар Кытайдын Ухань шаарынан келген экен” деген билдирүү ыкчам жайылууда.  

“Т-Медиа” окуянын чоо-жайын изилдеди. 

  1. Алгач ачык булактардан “маска”, “зыян” деген сөздөрдү англис тилинде терип, тиешелүү маалымат издеп көрөбүз: 

Беткапты колдонуунун тегерегиндеги жаңылыш посттордун дагы бир темасы — бул организмге кирген кычкылтек көлөмүн чектөө. Би-би-си” англис кызматы социалдык тармактарда тараган “Беткап тагынуу дем алуу органдарына зыян. Маска кийсең дем ала албай өлүп каласың” деген маалыматтарды адистердин жардамы менен четке какты. 

Ал эми Кытайдын Саламаттыкты сактоо комитетинин өкүлү Лин Синван коронавирус көп учурда аба аркылуу, кир кол менен көздү кармаганда да жугушу мүмкүндүгүн айтып, адамдардын баары беткап тагынып, аралыктан баарлашуусу керек деген кеңешин айтат. 

2. Белгилей кетчү жагдай, буга чейин Associated Press басылмасынын фактчекерлери медициналык беткапты тагуу көмүр кычкыл газына ууланууга жана коронавирустун мээге кирип кетүүсүнө алып келери тууралуу маалымат фейк экенин аныктаган

3. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) 6-апрелдеги сунушу таптакыр башка. Уюмдун тээ ошол убактагы маалыматында эле ден-соолугу чың адамдардын коомдук жайларда беткап тагынуусу вирустун жайылышын (оорунун «симптомго чейинки» баскычында ) азайтууга жардам берери айтылган. 

Ошол эле учурда ДССУ масканы туура эмес колдонуу вирусту өзүнө-өзү жуктурууга, дем алуу көйгөйлөрүнүн өрчүшүнө алып келерин эскерткен. Беткапты колдонууда тиешелүү эрежелер сакталса, аны тагынуунун эч кандай зыяндуулугу жок деген жыйынтыкка келген.  

Бир ай өтпөй ДССУ беткап тууралуу мурдагы эрежесин өзгөртүп, коронавирус көп жайылып жаткан аймактарда жана социалдык обочолонуу эрежесин сактоо мүмкүн болбогон жерлерде беткап тагынуу зарыл экенин айтып чыкты. Уюм 5-июндагы билдирүүсүндө беткапты вирустун жайылышынын алдын алган ыкмалардын бири деп мүнөздөгөн. Ошол эле учурда бетти жаап жүрүү менен гана COVID-19дан толук сактануу мүмкүн эмес экенин эскертти. 

Демек, ден-соолугу чың адамдар илдет жугузуп алгандарды (инфекция жуккан адамдар менен байланышта) коргоо үчүн (оорунун андан ары жайылышына жол бербөө) беткап кийиши керек. Коомдук жайларда медициналык эмес маскаларды (кездемеден жасалган маскалар) кийүү сунушталат.

4. Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанга сырттан беткап ташылып келбей турганын белгиледи. Ушул күндөрү төрт ишкана өлкөнү маска менен камсыз кылып жатканын министрликтин алдындагы Медициналык багыттагы буюмдарды каттоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Абалиева билдирди. 

“Официалдуу түрдө маскалар бизге сырттан келген жок. Жалаң Кыргызстандан чыккан беткаптар сатылып жатат. Жалпы 7 ишкана бар, анын ичинен төртөө маска чыгарып атат, экөө жакынкы күндөрү ишке кирет. Негизи бир жолу колдонулчу 3 кабаттуу маскалар менен респираторлор сырттан келет, бирок биз көзөмөлдөбөйбүз. Анткени ал (ред- респиратор боюнча) медициналык буюм эмес. Аны COVID-19 болгон үчүн врачтар гана колдонуп атат. Ал оорулууларды дарылаган учурда гана тагылат. Ал эми көчөдө кереги жок. Көчөдө медициналык жөнөкөй беткапты тагыш керек, аны да 3-4 саат сайын алмаштыруу зарыл. Анткени беткапка вирус топтолуп калат”, — дейт Айнура Абалиева. 

Жыйынтык: Беткаптын зыяндыгы тууралуу тараган маалымат жалган. 


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо