Түмөнбай Колдошов Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин директору болду


Борбордогу Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин директору болуп Түмөнбай Колдошов дайындалды. Бул маалыматты ал өзү «Т-Медиага» тастыктады. 

Филология илимдеринин кандидаты, Ош мамлекеттик университетинин доценти Түмөнбай Колдошов аталган окуу жайда мамлекеттик тил боюнча проректор болуп иштеп келген.

Белгилүү ырчы, обончу Түмөнбай Колдошов жалпысынан 50дөн ашык ырга обон жазган.

Аталган колледждин мурунку директору белгилүү композитор, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер  Кубанычбек Осмонов 28-июнда 70 жаш курагында оорудан каза болгон.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо