11-июлга карата коронавирус 552 адамдан табылды


Бүгүн 11-июлга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 552 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Учурда илдеттин очогу борбор калаа болуп калууда. Жаңы учурлардын 314ү  Бишкекте, 124ү Чүй облусунда, 24ү Ош шаарында, 13ү Ош облусунда, 26сы Жалал-Абадда, 28и  Баткенде, алтоо Ысык-Көл облусунда, 17си Нарындан аныкталган.

18-марттан бери жалпы жуктургандардын саны 9910го жетти. Анын ичинен 3236 бейтап айыгып чыкты. Учурда стационарда 631, алардын ичинен реанимацияда 25 бейтап жатат. Үй карантининде дарыланып жаткандар 5918. Каза болгондордун саны 125 кишини түзүүдө.

 


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо