Акыркы суткада коронавирустан 3, пневмониядан 32 бейтап каза болду


Өткөн сутка ичинде 3 бейтап COVID-19 инфекциясынан, 32 бейтап пневмониядан  каза болду. Бул тууралуу брифингде айтылды.

Маалыматка ылайык, Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 65 жана 51 жаштагы эки эркек киши, Лейлек аймактык ооруканасынан – 44 жаштагы бейтап коронавирустан улам көз жумган.

Аталган илдеттен  жалпы каза болгондордун саны 125 кишини түзүүдө.

Ал эми бир сутка ичинде пневмониядан 32 бейтап каза болду. Алардын ичинен 24 адам республика боюнча болсо 8и Бишкекте.  Март айынан бери пневмониядан жалпы каза болгондордун саны – 382 адам.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо