БШК: Парламенттик шайлоого сарпталуучу каражат кырдаалга жараша өзгөрөт


Октябрга белгиленген парламенттик шайлоону уюштурууга пландалган каражаттын суммасы  азыркы кырдаалды эске алуу менен жөнгө салынат. Ага ылайык Боршайком абдан зарыл гана иш-чараларга кете турган чыгымдарга смета түзөт.

БШК тараткан маалыматка караганда, быйылкы шайлоону өткөрүүгө республикалык бюджеттен жалпысынан 732 миллион сом каралган. Бирок бюджеттик план 95 миллион сомго кыскартылды.  Анткени БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) жана Япониянын өкмөтү колдоо көрсөтүп жатат.

«Зарыл болгон мындай кыскаруулар БШК тарабынан демилгеленип, Жогорку Кеңеш тарабынан пандемияга байланыштуу бюджетти оптималдаштыруу маселесин карап жатканда кабыл алынган. Муну менен бирге азыркы татаал эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, бир катар уюштуруучулук иш-чаралар кыскартылды, ал эми шайлоолорду даярдоону башкаруу, маалыматтык түшүндүрүүчү иш-чаралар көп учурда аралыктан жана электрондук форматта ишке ашырылат. Жарандарга добуш берүүнүн тартиби, талапкерлер жана партиялар жана башкалар жөнүндө маалыматтарды жеткирүү боюнча өнөктөштөрдүн жардамы менен бир катар электрондук маалыматтык ресурстар ишке киргизилмекчи. Жалпылап айтканда мунун бардыгы эсептөөлөр алиге жүрүп жаткан шайлоолорго даярдык көрүү бюджетинин пландык жана иш жүзүндөгү чыгымдарын дагы төмөндөтөт», -деп айтылат маалыматта.

Мекеме ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн 2 400дөн ашык участок уюштурулганын, ага 32 миңден ашык кызматкер тартылганын кошумчалады.

Эске салалы: Парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалды. БШК 9-июлда шайлоого катышуу ниетин  билдирген партиялардан арыздарды кабыл алуу жыйынтыкталганын билдирген. 44 саясий партия документтерин тапшырды.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо