Дагы 79 дарыгер СOVID жугузуп алды


Бир сутка ичинде өлкө боюнча 79 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова брифингде билдирди.

Аймактарга бөлүп карасак:

  • Бишкек ш. – 20
  • Чүй облусунда – 34
  • Ош ш. – 8
  • Ош облусунда – 3
  • Нарын облусунда – 5
  • Жалал-Абад облусунда – 3
  • Баткен облусунда – 6

Бүгүн 10 медик ооруканалардан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 1529 учур катталды. Алардын ичинен 546и стационарлардан айыгып чыккан.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо