«Тез жардам»: кызматкерлерибиздин жарымы ооруп жатат, чалууларга жетишпей атабыз


Ош шаардык «Тез жардам» бекетинин 45 кызматкери ооруп, үйдө жатат. Алардын арасында коронавирус жугузуп алгандары жана бейтаптар менен байланышта болгондору бар. Бул тууралуу «Т-Медиага» мекеменин жетекчиси Нурила Шериева 11-июлда билдирди. 

Айтымында, ал өзү да учурда вирустан дарыланып жатат.

«Тилекке каршы, өзүм да вирус жуктуп алдым, бир жумадан бери ооруканада дарыланып жатам. Абалым кыйла жакшы. Кызматкерлерибиздин тең жарымы ооруп жатат, тез жардам тобундагы 45 кызматкердин 23 эле жумушка чыгууда. Үйдө, ооруканада дарыланып жатышат». 

Шериева жумуш коронавирус эпидемиясына чейинки мезгилге салыштырмалуу эки эсеге көбөйгөнүн айтат. Буга байланыштуу эмгек өргүүсүндө жүргөн 14 кызматкерди чакыртышкан. Мындан тышкары ыктыярчыларды да суранышкан.

«Чалууларга такыр жетишпей атабыз. Мурда 11-12 бригада чыкчу. Кечээ  болгону үч топ гана иштеди. Бүгүн төрт бригаданы эптеп чыгардык. Ыктыярчыларды суранып чакырдык, төртөө макул болуп келди», -дейт Нурила Шериева. 

Ош шаарындагы «Тез жардамда» иштегендердин жалпы саны 162 кызматкер.

Акыркы сутка ичинде 2767 адамдан коронавируска анализ алынып, анын 552синен илдет аныкталды. Алардын 314ү Бишкек шаарында, 124ү Чүй облусунда, 24ү Ош шаарында, 13 Ош облусунда, 26сы Жалал-Абад облусунда, 28и Баткен облусунда, алтоо Ысык-Көл облусунда, 17си Нарын облусунда.

Ошентип, өлкөдө илдет жуктургандардын жалпы көрсөткүчү 9910 адам болду, алардын ичинен 125 бейтап кайтыш болду, 3236 бейтап айыгып кетти.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо