Ошто 32 жаштагы милиция кызматкери COVID-19 илдетинен каза болду


Ички иштер министрлигинин жол кыймылынынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн дагы бир кызматкери коронавирустан улам бүгүн 19-июлда көз жумду.

Милициянын ага лейтенанты Чыңгызбек Оморов 32 жашта болчу. Ал кызмат учурунда аталган илдетке кабылып, тилекке каршы айыгып кете алган эмес.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Оморовдун жакындарына көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялашты.

«Мындай кызматкерди жоготуу, анын жакындары жана кесиптештери үчүн аябай оор сокку болуп, кыйын кырдаалда турабыз. Мен Оморов Чыңгыз Мизамидиновичдин бардык жакын туугандарына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамынын атынан чын дилимден көңүл айтамын. Бекем кайрат тилеймин. Оорду толгус жоготуу. Баарыбыздын көңүлүбүздү оорутуп, кесиптешибизди жамандыкка кыя албай турабыз. Чынгызбектин жаркын элеси түбөлүккө анын жакындарынын, кесиптештеринин эсинде сакталып кала бермекчи«, -деп айткан Ош ШИИБнын башчысы Мурат Боронов.

9-июлда Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Ош шаары боюнча улук инспектору Улукбек Умаров да аталган илдеттен каза болгон. Ага чейин Бишкекте үч милиция кызматкери коронавирус жугуп көз жумган. 14-июлда Баткенде дагы бир милиция кызматкери коронавирустан каза тапкан.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо