Саламаттык сактоо министрлиги гриппке каршы 11 миңден ашык вакцина сатып алат


Респиратордук оорулардын алдын алуу жана коронавирустун экинчи толкуну күтүлүп жатканына байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги тендер жүргүзүп, 11 миңден ашык гриппке каршы вакцинаны сатып алууга келишим түздү. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин өкүлү Динагүл Оторбаева 30-июлдагы брифингде билдирди.

Пландалган вакциналар өлкө боюнча тобокелчилик тобуна кирген: өнөкөт оорулары, жүрөк-кан-тамыр оорулары бар адамдарды, балдарды жана башка оорулары бар адамдарды вакцинациялоо үчүн ар бир регионго бөлүштүрүлүп берилет.

Анын айтымында, аба ырайынын суукташы менен респбуликада респиратордук вирустук оорулар көбөйөт. Өзгөчө октябрь айынан апрель айына чейин ооруга чалдыккандар көп. Ал эми тобокелчилик тобуна кирген адамдарда илдет абдан оор өтөт. Пик катары белгиленген мөөнөт – декабрдын башынан февралдын аягына чейин уланат.

Ошондой эле грипптин этиологиялык түзүлүшүн жана курч респиратордук вирустук инфекцияларды аныктоо үчүн тест-системаларды жана реактивдерди сатып алуу пландаштырылган.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус жуктуруп алган учурлардын саны 35 143кө жетти. Анын ичинен 24 474 киши сакайды. Коронавирус 1 364 кишинин өмүрүн алды.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо