Кара-Кулжада ондон ашык үйдү сел каптады


Жаандын кесепетинен 31-июлдун кечинде Кара-Кулжа районундагы Кызы-Жар айыл аймагындагы кокту-колоттордо сел жүрүп, Күйө-Таш айылында 6 турак үйдүн короосун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Мындан сырткары Көө-Чаты айылындагы 10 турак үйдүн да короолорун да кыян каптады. Учурда жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин ыкчам тобу жана райондук жарандык коргонуу комиссиясы тартылган.

31-июлда саат 19:30 чамаларында Мырзаке-Кара-Кулжа-Алай-Куу автожолунун 115-чакырымында, Ош-Папан-Кичи-Алай автожолунун 82-89-чакырымында сел жүрүп, кум-шагылга толуп калган. 1-август күнү толук тазалоо иштери жүргүзүлөт.

Буга чейин Кыргызгидромет сел жүрүү коркунучу тууралуу шашылыш эскертүү таркаткан.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо