Жалал-Абад: шайлоо участогу менен бир имаратта жайгашканы үчүн жабылган стационар ишин жандантты


Жалал-Абад шаарында шайлоо участогу менен бир имаратта жайгашканы үчүн жабылган  стационар кайрадан иштеп баштады. Учурда дарыгерлер бейтаптарды түнкү мөөнөттө кабыл алууда. Бул тууралуу «Т-Медиага» шаардык мэриянын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков билдирди. 

Анын айтымында, Жалал-Абад шаарында 29-июлдан тартып алгачкы түнкү стационар иштей баштаган. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин спорт залында ачылган жай 20 орунга ылайыкталып, дарыгерлер жана ыктыярчылар бейтаптарды кабыл ала баштаган. Бирок 31-июль күнү алар имаратка кире алышкан эмес. Мындай тоскоолдук аталган имарат шайлоо участогу катары ачылгандыктан келип чыккан.

«Кечээ медиктер барып кирейин десе ачкычтарын алмашытырып коюптур. Мэр өзү барса да күзөтчүлөр киргизбей коюшкан. Ага карабай имараттты ачтырып келди, иш ыргагы жүрүп атат. Башында окуу жайдын жетекчилиги менен сүйлөшүлүп, маселе чечилген болчу да. Бул университеттин жетекчисинин өз билемдиги болду», -дейт Азамат Жээнбеков. 

Жээнбеков маселе дүйшөмбү күнү мэрияда караларын, окуу жайдын жетекчилигине чара көрүлөрүн кошумчалады.

Жалал-Абад мамлекеттик университетине №2093 шайлоо участкасы жайгашкан. Окуу жайдын ректору Кеңешбек Үсөновдун пикиринде, баары мыйзам чегинде болду. Стационар ишин токтоткон жок, элдин саламаттыгы да эске алынды.

«Көйгөй жок. Тескерисинче биз аябай көмөк көрсөтүп, керектүү каражаттарды алып берип шартты түзүп бергенбиз. Башында санэпид кызматы имаратка стационар уюштурууга уруксат берген эле. Бирок 30-иль күнү кайра «стационар менен шайлоо участкасы бир имаратта жайгашса болбойт» деген чечим келди. Дем алыш күндөрү ушундай түшүнбөстүктөр болуп кетиптир. Азыркы кырдаалда элдин ден соолугу керек. Шайлоого чейин дагы эки ай бар. Азыр дарыгерлерге эч ким тоскоол болгон жок, иштеп жатышат. Ал эми шайлоо участкасындагылар бирин-экин кагаздарын илип кетишти», -дейт Үсөнов. 

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын көрсөткүчү 36 299га жетти. Алардын ичинен 26 426сы сакайып кетти, 1397 бейтап каза болду.

17-июлдан тартып Кыргызстан пневмонияны да коронавирус катары каттай баштады.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо