Расмий жооп: Кыргызстандагы дарыяны Өзбекстан буруп кетери — фейк


3-июль күнү Өзбекстан Кыргызстандын чек арасына жакын жайгашкан Исфайрам дарыясын бойлой канал казуу иштерин баштады. Мындан улам жергиликтүү тургандар бийликке видео кайрылуу жасашкан.  

Видео кайрылууда кыргызстандык жаран Өзбекстан каналды буруп кетсе кыргыз айылдары суусуз калаарын айтып, бийликтегилерден маселеге көңүл буруусун суранган.

«Бул жерде Өзбекстан тараптан чоң канал түшүп жатат экен. Алардын максаты каналды буруп кетүү экен. Мурда бул суу Кыргызстанды аралап, гектарлаган жерлер сугарып Өзбекстанга түшүп кеткен. Азыр эми муну Өзбекстан өзүнүн жеринен буруп алып алып кирип кетет. Ошондо бул жакта суу куруйт экен. 10 миңдеген гектар жер, эл суусуз калат. Суу таңкыстыгы башталат»,- деген кайрылууда.

“Т-Медиа” окуянын чоо-жайын текшерип көрдү. 

Мамлекеттик чек ара кызматы, Кадамжай райондук администрациясына Өзбекстан буга чейинки бар болгон арыгын тазалоо иштерин жүргүзүп жатканын билдирген. Бул казуу иштери тууралуу чек ара кызматына коңшу өлкө 24-июлда кат жолдогон.

Ошондой эле Өзбекстандын Кувасай багыты боюнча чек ара өкүлү Гулпиан айылына баруучу эски арыкты тазалоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгын, каналды бурууга эч кандай мүмкүнчүлүк жок экенин маалымдаган.

Кадамжай районунун акиминин орун басары Абдыманап Жапаровдун «Т-Медиага» билдиришинче, Исфайрам дарыясы Кыргызстанга тиешелүү. Бирок Өзбекстан менен биргеликте пайдаланылат.

«Исфайрам дарыясы Өзбекстанга өтүп кетпейт. Ал биздики эле. Өзбекстан арыгын тазалайбыз деп биздин чек ара кызматына, суу чарба кызматына кат берген. Келишимдин негизинде чек арага жакын жерде эмне иш болсо биз аларга, алар бизге маалымат берип турабыз. Өзбекстан бул каналдан ашып барса 2 куб көлөмдөгү арык салат. Арыгы буга чейин 300 метрлик болчу. Азыр көп болсо 500 метрлик арык болушу мүмкүн, андан ашык болбойт»,- деди Жапаров.

2017-2019-жылдары Кыргызстан Исфайрам дарыясынан бөлүнүп чыккан Файзабад каналын бойлото жалпы 4340 чакырым аралыктагы тикенек зым тосмолорду орноткон.

Аталган дарыя Баткен облусунун Кадамжай району аркылуу Өзбекстан агып өтүп чоң Фергана каналына кошулат. Ал көбүнчө сугат суу катары пайдаланылат.

Жыйынтык: Исфайрам дарыясын Өзбекстан буруп кетет деген маалымат жалган


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо