Соңку суткада COVID илдети 412 адамдан табылды. Алардын 25и медкызматкерлер


Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 илдети 412 адамдан табылды. Алардын ичинен 25и дарыгерлер. Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматованын айтымында, жаңы учурлардын басымдуусу Бишкек шаарында болууда.

Жаңы учурлардын аймактар боюнча саны:

Бишкек — 114;
Ош – 43;
Чүй облусу – 37;
Ош облусу — 39
Талас облусу – 17;
Нарын облусу – 21;
Ысык-Көл облусу – 41;
Жалал-Абад облусу – 70;
Баткен облусу — 30.

Жалпы учурлардын саны 18-марттан бери  37541 адамга жетти. Анын ичинен  28 743 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 1427 бейтап каза болду.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо