ТИМ: Оренбург облусундагы кыргызстандыктар алынып келинет



Кыргызстандыктарды Россиядан алып келүү иштери бир нече этаптар менен ишке ашырылат. Автобустардын биринчи колоннасы кечээ 3-августта кечинде жолго чыга турганы пландалган.

Россиянын Оренбург облусунан Казакстан аркылуу транзит менен Кыргызстандын жарандарын чыгарып кетүү боюнча макулдашуу аягына чыкканын ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Бирок ТИМ Россиядагы мекендештерди мындар ары Россия-Казакстан мамлекеттик чек арасын көздөй расмий ачылганга чейин барбоого чакырууда.

Коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын чечимине ылайык, Россия-Казакстан мамлекеттик чек арасында мекендештердин кезектеги топтолушун болтурбоо максатында Москвадан, Новосибирскиден жана Екатеринбургдан туруктуу негизде Россиядан Кыргызстанга учкан чартердик каттамдардын саны көбөйтүлдү.

Буга чейин, Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург жана Самара облустарынан 52 автобус менен 2 470 кыргызстандык алынып келинген.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо