Коронавирус бүгүн 503 адамдан табылды. 4 бейтап каза болду



Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 илдети 503 адамдан табылды. Ал эми 4 бейтап каза болду. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова бүгүнкү брифингде билдирди.

Жаңы учурлардын аймактар боюнча саны:

Бишкек — 125;
Ош – 51;
Чүй облусу – 28;
Ош облусу — 74;
Талас облусу – 35;
Нарын облусу – 9;
Ысык-Көл облусу – 81;
Жалал-Абад облусу – 53;
Баткен облусу — 47.

Баары болуп 18-марттан бери өлкөдө коронавирус 39162 адамга жукту. Анын ичинен 30 764 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы акыркы суткада 4 бейтап, жалпы 1451 адам каза болду.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо