Оренбургдан 23 автобус менен 1356 кыргызстандык кайтып келди



Бүгүн Россиянын Оренбург облусунан 23 автобустан турган экинчи колонна менен 1356 кыргызстандык кайтып келди. Алар Оренбург жана Соль-Илецк шаарларынан, ошондой эле Бузулук районунан алынып келинген.

Тышкы иштер министрлиги коронавирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу чет элдик жарандарга Казактанга кирүү чектелгенин эске салат. Россиянын аймагындагы Кыргызстан жарандарын Россия–Казакстан мамлекеттик чек арасына расмий ачылганга чейин барбоого чакырат.

Россиядан Кыргызстандын жарандарын кайтарып келүү иштери, Казакстандын аймагы аркылуу өткөн транзиттик коридордун жардамы менен иштелип чыккан.

Буга чейин, Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург жана Самара облустарынан 52 автобус менен 2 470 кыргызстандык алынып келинген.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо