«Сорос Кыргызстан» фонду Ош облустук ооруканасына дары-дармек тапшырды



Коронавирус илдетинен дарылоо «Сорос Кыргызстан» фонду жети облустагы ооруканаларга дары-дармектерди жеткирүүдө. Жардамдардын бири бүгүн Оштогу облустук ооруканага тапшырылды. Андар ары Жалал-Абад менен Баткен облустарына жөнөтүлөт. 

«Сорос Кыргызстан» фондунун маалыматына караганда, жалпысынан аймактардагы ооруканаларга 16 453 500 сомдук дары-дармек берилүүдө. Алардын арасында коронавирусту жана пневмониядан айыктырууда зарыл болгон клексан, эноксапарин, гепарин, цефепим дарылары бар.

Фонд дарылардын сырткары, COVID-19 илдетине чалдыккандар үчүн 118 ыкчам байланыш линиясын жана психологиялык жардам боюнча түз байланыш ачууга да көмөк көрсөткөн.

Коронавирус Кыргызстанда 18-марттан бери 38 659 адамга жукту. Анын ичинен 30 099 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы  1447 адам каза болду. Учурда ооруканаларда жети миңден ашуун орулуулар дарыланууда.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо