Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев кызматтан кетти


Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев кызматтан кетти. Бул тууралуу 8-августа облус жетекчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жылкыбаев мындан аркы саясий ишмердүүлүгүн бийликтин мыйзам чыгаруу бутагында улантууну туура көргөн. Мындан улам ал  парламенттик шайлоого аттанат.

«Ош облусундагы эмгек жолум эки жылдан ашык болду. Ушул убакыт аралыгында колумдан келишинче чын ниет менен элиме, анын ичинде өзгөчө Ош жергесине таза кызмат кылууга бар аракетимди жумшадым. Ушул уюткулуу жерден дос күттүм, тууган таптым, тилеги жана ниети бир адамдар менен сапарлаш болуп, бирге кызмат кылганыма сыймыктанам. Оштун элине таазим!», — дейт ал.

Жылкыбаев кайсы партиянын катарына кошулганын ачыктаган жок.

Узарбек Жылкыбаев өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп 2018-жылдын июль айында дайындалган. Ага чейин ал Ысык-Көл облусунун башчысы болуп турган. КСДП фракциясынан Жогорку Кеңешке депутат да болгон.

Жылкыбаев — президент Сооронбай Жээнбековдун кадрларды ротациялоо демилгесинин алкагында өкмөттүн Ош облусундагы толук ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган алгачкы жетекчилердин бири.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо