Баткенде коомдук транспорттун иштөөсүнө уруксат берилди



Баткен облусунда район, шаар аралык коомдук транспорттордун ишмердүүлүгүнө уруксат берилди. Мындай чечим коронавирус илдети менен күрөшүү боюнча облустук штабда кабыл алынган.

Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдиришкендей, аймак ичиндеги транспорт айдоочуларына санитардык норманы сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, автотранспортторду байма бай дезинфекциялоо тапшырмалары коюлду. Бирок азырынча облустар аралык коомдук транспорттун каттоосуна уруксат жок.

Өлкөдө жалпы илдет жуктургандардын саны 18-марттан бери 40177 га жетти. Анын ичинен бүгүн 407, жалпы 32 229 бейтап айыгып чыкты. Ал эми Баткен облусунда, коронавирус 1909 адамдан табылган.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо