Кыргыз-тажик чек арасында жаракат алган чек арачы менен жай тургундун абалы айтылды



Кыргыз-тажик чек арасында ок тийген чек ара отрядынын кызматкеринин абалы жакшы болсо, жергиликтүү тургундун абалы орто. Бул тууралуу «Т-Медиага» Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координатору Арзыбек Бөрүбеков билдирди.

Айтымында, чек арачы облустук оорукананын травматология бөлүмүндө дарылануусун улантууда. Анын колуна ок тийген. Абалы жакшы.

Ал эми жай тургун реанимациядан хирургия бөлүмүнө которулду. Бейтаптын оң далысына тийген ок алынган жок. Экинчи ок жамбашынан кирип ичинде туруп калган. Операция жасалып ок алынды, абалы орто деп бааланууда.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 6-августтун таңында курал колдонулган окуя катталган. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Баткен районуна караштуу Эки-Таш деген жерде тажик тараптан белгисиз бирөөлөр кыргызстандык чек арачыны болжол менен мергенчилик мылтыктан атканын кабарлаган.

Ушул эле күнү кечке маал, болжол менен 18:00 чамасында, чек арага жакын жайгашкан Баткен районундагы Көк-Таш айылында дагы бир ирет ок атылып, айыл тургуну жаракат алган. Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилип, операция жасалган.

Тажикстандын «Ховар» маалымат агенттиги 6-августта таңга жуук Исфара аймагында ага лейтенант, Кыргызстандын «Көкташ» чек ара бекетинин башчысы Кабиров Шер ТОЗ-8 мергенчилик мылтыгынан атылган октон жарадар болгонун Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматына шилтеме берип жазды. Маалыматта ошондой эле чек арадан бир чакырым алыс жерде Самониен айылынын тургуну Ваххобов Вохиддин бутуна ок тийип, каза болгону жазылган.

Кыргыз-тажик чек арасында суу, жол, жерден улам эки тарап жаңжалдашкан окуялар, адам өлүмү менен аяктаган ок атышуулар маал-маалы менен катталып турат.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо