Ошто опер кызматкери Азамат Сыдыков пневмониядан каза болду


Алай райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери, милициянын ага лейтенанты Азамат Сыдыков 9-августта эки өпкөсү кагынып (пневмония) каза болду. Бул тууралуу «Т-Медиага» Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Облустук ички иштер башкармалыгы жана Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн эмгек жамааты маркумдун дүйнөдөн мезгилсиз кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтышты.

Азамат Сыдыков 1989-жылы 12-июлда Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндөгү Кызыл-Жар айылында туулган.

Сыдыков ички иштер орагандарынын катарына 2010-жылы ноябрь айында кабыл алынган. Кызматын Ош ОИИБдин Кайгуул күзөт кызмат батальонунун милиционерлигинешн баштаган. Андан соӊ Ноокат, Кара-Суу райондук милициясында жашы жете электер менен иштөө инспектору, милициянын айылдык тескөөчүсү кызматтарында иштеген.

Маркум 31 жашта эле. Артында бир уул, бир кызы калды.

Кыргызстанда өпкөнү сезгентүүчү коронавирустан 1474 киши каза болду. Вирус жугузуп алгандар 40 миң адамдан ашты. Анын 32229у айыкты.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо