Ошто санитардык-карантиндик посттордун баары алынды


Ош шаарына кирүүчү жолдорго орнотулган бардык санитардык-карантиндик посттор ишмердүүлүгүн токтотту. Мындай чечим Ош шаардык Жарандык коргонуусунун штабдык жыйынында кабыл алынды.

Коронавирус пандемиясынан улам, санитардык-карантиндик посттор Ош шаарынын “Жапалак ДЭУ”, “Тээке-аскер полигону”, “8-март”, “ТЭЦ”, “Беш-Көпүрө”, “Кырарык-Арка”, “Амир-Темур” аймактарында орнотулган болчу.

Акыркы сутка ичинде Ош шаарында COVID-19 илдети 24 адамдан табылды. Жалпы 3204 адамга жукту.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо