Төрага Дастан Жумабеков шайлоодон четтейби? БШКнын түшүндүрмөсү



Парламенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынын катарында талапкер болуп аттанган спикер Дастанбек Жумабековдун Таласта жаңы көз жарган келинге сүйүнчү катары акча бергени талкууга жем таштады.

Мындан бир күн мурда «Фейсбук» колдонуучусу Айзада Жамгырчиева өз баракчасына «Алгачкы 50 миң сом сүйүнчү пул алган бөбөгүбүз» деп пост жарыялаган. Жаңы төрөгөн келинге сүйүнчү пулду Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков тапшырган.

Видеодо жаңы төрөгөн келин Дастан Жумабековго ден соолук, ишине ийгилик каалаган. Ал эми төраганын жаныдагы киши «Дастанды (ред-ымыркайдын аты) Дастан Артисбековичтин даражасына жеткизүү сиздин милдетиңиз», -деп айткан.

Коомчулуктун кызуу талкуусунан кийин Жамгырчиева постун өчүргөн. Эмнеге өчүрүп салганын тактоо үчүн “Кыргызстан” партиясынын өкүлдөрүнө бир нече жолу байланыштык. Бирок эч бири комментарий бере алышкан жок.

Бул арада парламенттин басма сөз кызматы төрага Дастан Жумабековдун Таласта берген сүйүнчү пулу боюнча түшүндүрмө берди. Анда 50 миң сом Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан анын ысымын ымыркайга ыйгаргандыгы үчүн бергени айтылган.

«Ал жаңы төрага келгенге чейин Жогорку Кеңештин төрагасы бойдон кала берет жана кызматын аркалай берет. Уулдуу болгон келин баласына спикердин атын койгон экен. Ошого акчалай жардам көрсөттү. Бул жагын юристтер менен талкуулап көрөлү», — деп айтылат маалыматта.

Борбордук шайлоо комиссиясы болсо сүйүнчү пул төраганын фондунан эмес, анын үй-бүлөсүнүн атынан берилгенин кабарлап, шайлоо мыйзамын эки ирет бузгандыкта айыптайт. БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова белгилегендей, анын бири добуш сатып алууга аракет деп бааланса, экинчиси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу болуп эсептелет.

«Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын пресс-релизине ылайык, «Дастан Жумабеков жаш жубайларга сүйүнчү үчүн өз үй-бүлөсүнүн атынан 50 мң сомду берди. Ошол сүйүнчү пулду мындан ары мамлекет тарабынан алышат» деп турат. Бул Дастан Жумабеков тарабынан эки ирет шайлоо мыйзамын бузуу болуп саналат. Биринчиден, ал спикер катары кызматтык абалын пайдаланып, башка талапкерлерден өзүн жогору коюп, тең укуктуулукту бузду. Экинчиден, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу аракети. Мыйзам боюнча шайлоого аттанган талапкер же анын жакындары шайлоо өнөктүгү башталгандан аяктаганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзгөнгө тыюу салынат. Жумабеков өзүнүн аракеттери менен добуш сатып алууну көрсөтүп койду. Мен ишенем, төрөга бул катачылыкты оңдош үчүн өз арызы менен талапкерлердин тизмесинен чыгат. Андан сырткары жоопкерчилик тартканга өзүнүн макулдугун берет. Анткени мамлекеттин экинчи адамы катары мыйзамдуулукту сактоодо үлгү болушу керек эле», -дейт Абдрахматова.  

Борборшайком шайлоого аттанган талапкерлер үгүт учурда кайрымдуулук иштер менен алектенбеши керектигин жана жарандарга акчалай жардам берүүгө тыюу салынарын эскертет. Шайлоо эрежесине ылайык, үгүт маалында адамдарга берилген материалдык жардамдын баары добуш сатып алуу болуп саналат.

Кыргызстанда парламентик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. Азыркы тапта үгүт кампаниясы жүрүп жатат.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо