Форма-2: Ошто шайлоого карата каттоосун өзгөрткөндөрдүн саны 23 миңге жетти


16-сентябрга карата Ош шаарында «Форма-2» документи менен добуш берүүчүлөрдүн саны 23 миңдин тегерегин түзүүдө. Дагы беш миңдей арыз кароодо турат. Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы Расул Кадыров «Т-Медиага» билдирди. 

Кадыров шайлоочулардан катталган участокторун алмаштыруу үчүн көп арыз түшөөрү күтүлүп атканын айтты.

«Кайрылгандар күн сайын көп болууда. 19-сентябрда кечки саат алтыдан кийин арыздарды кабыл алуу токтойт. Азырынча Ош облусунда «Форма-2″ тапшыргандар боюнча так сандар жок. Анткени саат сайын өзгөрүүдө. Кара-Суу районунда 20 миңден ашты», -дейт Кадыров.  

«Форма-2» — жарандардын шайлоо дарегин өзгөртүү тууралуу арызы. Ал үчүн шайлоочу өзүнө ыңгайлуу жердеги участкалык шайлоо комиссиясына барып арыз калтырышы керек.

Кыргызстанда 14-сентябрга карата шайлоочулардын саны 4 миллиондон ашты. Бир добушканадагы шайлоочулардын саны 2500дөн ашпашы керек деген чектөө бар. Ошондуктан толуп калган шайлоо участоктору  «Форма-2» тууралуу арызды кабыл албайт. Буга байланыштуу Ош шаарында кошумча 10 добушкана ачылган болчу.

Алар:

  • Туран аймактык башкармалыгындагы Түштүк кыргыз геология экспедициясынын имараты;
  • Сулайман-Тоо аймактык башкармалыгындагы «Айданек» балдар бакчасы;
  • Киров атындагы гимназия мектеби;
  • «Асан-Үсөн» жеке ишканасынын имараты;
  • Керме-Тоодогу «Каныкей» балдар бакчасы;
  • Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетинин Черёмушкадагы филиалы;
  • Манас-Ата аймактык кеңешиндеги юридикалык институттун корпусу; ОшМУнун медициналык колледжинин 1-корпусу;
  • Амир-Темурдагы Шевченко орто мектеби;
  • Курманжан Датка аймактык башкармалыгындагы Кесиптик лицей.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага 16 партия катышууда.



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо