«Биримдик» партиясы Аксыдагы үгүт иш-чарасына миңдеген адамдарды топтоду. Сүрөт


15-сентябрда «Биримдик» партиясы Аксы районунун Кербен шаарында үгүттөө иштерин өткөрүп, эл менен жолуккан. «Фейсбук» колдонуучусу Темир Айткулов иш-чарага миңдеген адам чогулганын жазып чыкты. 

«Биримдиктин» иш-чарасына катышкандардын көпчүлүгү беткапсыз жүрүшкөн жана социалдык аралык сакталган эмес. Орун жетпей калгандар туруп катышууга аргасыз болушкан. Алардын арасында жаш балдары бар аялдар да болгон.

Аксы районун акими Эсеналы Ормоналиев жолугушууга миңден ашык адам топтолгонун тастыктады. Айтымында, жергиликтүү бийлик партия өкүлдөрүнө үгүт иштерине жаңы эрежелер жана чектөөлөр киргизилгенин эскерткен.

«Стадионду мэрия менен мыйзамдуу түрдө келишим кылып алышкан экен. Менин угушума караганда 1,5 миңдей шайлоочу топтолуптур. Партия өкүлдөрү уруксат алып атканда жергиликтүү бийлик тарабынан «Социалдык аралыкты сактап, 50дөн ашык киши чогултпагыла» деп эскертүү берилген. Мамлекеттик кызматкер катары буга бир нерсе деп комментарий бере албайм. Партиянын тиешелүү өкүлдөрү менен байланышып көргүлө», -деди  Ормоналиев. 

Бул окуя боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынан жана «Биримдик» партиясынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу өлкөдө өзгөчө кырдаал режими сакталууда. Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 45 072ге жетти. Инфекция жалпы 1 063 адамдын өмүрүн алды.

Буга чейин Республикалык штаб коронавирус пандемиясына байланыштуу 50дөн көп кишинин чогулуусуна чектөө койгон. Мыйзамга ылайык, үгүт учурунда мурдагыдай стадиондордо жана көчөлөрдө концерт, жолугушуу, спорттук иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. Онлайн дебаттарды өткөрүүгө көбүрөөк убакыт бөлүнгөн.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ага 16 саясий партия ат салышууда.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо