«Мага 10дон шайлоочу тактап койгула». Кара-Сууда whatsAppта тараган үн боюнча мугалимдер сурак берүүдө


WhatsApp аркылуу мындан эки күн мурун мектеп мугалимдерине, алардын август айындагы айлык акысы, шайлоого 10дон адам табышы керектиги айтылган үн билдирүүлөр тараган. Учурда милиция бул боюнча тергөө иштерин баштады.

Тараган аудиолордо аял кишинин, мугалимдерге кайрылып жатканын угууга болот.

«Эгер, азыркы мен атаган мугалимдерден 10 шайлоочу чыкпаса мектепке келбей эле кой. Августтун айлыгын жазбаймын. Урматттуу эжекелер, Каймуратова, Батырова, Абдуллаева Алтынай, Чынасылова Тахмина, Бекешова Гүлзира, Гүлгаакы, Атыргүл, Сабиралиева Чынара, Зарина, Бурма, Күмүш эже, Тамара эмнеге штабка келбедин? Мен айткан сөзүм силерге таасир этпей жатабы? Түндөсү болсо да барасын? Штабка. Нурлан менен байланышасын. Азыр Нурлан жок болсо, эртең барып 10 шайлоочуну тактап койгун мага»

«Башка суроо жокпу? Бактыяр уктунбу? Ар бир мектеп директору штабка барат. Мугалимдерге эжең буйрук берип жатат дебе. Мен буйрук берген жокмун, мүнөзүм ушундай. Мугалимдер конкреттүү иш кылат. Агитаторлорду коюп. Ишти баштагыла»

Учурда бул боюнча Ош облустук ички иштер башкармалыгы тергөө иштерин баштаган. Аудиодо аты аталгандар Кара-Суу районундагы мектептерде иштеген мугалимдер экени аныкталган. 

«Бул боюнча топтолгон материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 14-сентябарда катталган. Жоруктар кодексинин 87-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Учурда аудиодогу жана башка мугалимдер чакырылып тергөө иштери жүрүп жатат. Мадыдагы Сыдык Алайчы мектеби экен. Аларга кайрылган аялдын ким экендиги тактала элек. Тергөө иштери эми гана башталды», —дейт Ош облустук ИИБнын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев.

Жеке булактар, мугалимдерге кайрылган аял болжолдуу «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка аттанган Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн (убактылуу кызматын тапшырган) башчысы Гүлайым Машрапова болушу мүмкүндүгүн айтышты. Биздин редакция талапкер менен байланышып көрдү. Ал шайлоочулар менен жолукканын, Мады айыл өкмөтүндөгү мектептердин бирине барганын, бирок эч кандай мугалимдерди мажбурлабагынан айтууда.

«Мен эч качан өзүм мугалим болуп туруп, «Сен 10дон адам таап кел» деген аял эмесмин. Мен элдин добушун сатып, өзүмдүн мугалимимди мажбурлап депутат болбой эле койдум. Мунун баары жалган.  Сыдык Алайчы мектебине мен өзүмүн программам менен тааныштырайын деп эле баргам. Бир эле мугалимдер эмес, ата-энелер, жаштар да болгон» —деди Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси. 

Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октярда өтөт. Ага 15 партия катышууда. Учурда пандемия шартына карабай жер-жерлерде үгүт иштери кызуу жүрүүдө.

«Биримдик» партиясы Аксыдагы үгүт иш-чарасына миңдеген адамдарды топтоду. Сүрөт

 



Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо