«Мекенчил» партиясы үгүт иштерине жаш балдарды аралаштырганбы? Расмий жооп


Социалдык тармактарда «Мекенчил» партиясын шайлоого үгүттөгөн жаш балдардын  видеоролиги кызуу талкуу жаратууда. Анда болжол менен 10 жаштагы өспүрүмдөр улууларга туура тандоо жасап, аталган партияга добуш берүүгө чакырышкан. 

Видеону «Фейсбук» колдонуучусу Султанбек Аманбеков бүгүн өзүнүн баракчасына жарыялап, БШКны мыйзамга ылайык карап берүүнү суранган.

Азырынча Борбордук шайлоо комиссиясы аталган видеотасма «Мекенчил» партиясына тиешелүү деп айткандан карманат. Анткени жашы жете элек балдардын партияга үгүттөгөн ролиги ким тарабынан тартылганы тактала элек. БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматованын билдиргени боюнча, сөз болуп жаткан үгүт материал эгер, аталган партияга тишелеүү экендиги аныкталса мыйзам чегинде чара көрүлөт.

«Мыйзам боюнча 18ге толо элек жаш балдарды үгүт иштерине аралаштырууга болбойт. Бул боюнча үгүт алдында бардык партияларга эскертилген. Азыр «Мекенчил» партиясынын соцтармакта тарап жаткан видеосу ким тарабынан жасалганы боюнча так маалымат жок. Алдыда биз бул маалыматты текшеребиз. Чындап эле партия өзү даярдаганбы же аларга каршы тараптар жасаганын аныктайбыз. Эгер, өздөрү жасаган болсо БШК  «Мекенчил» партияга эскертүү берет», -деди Абдрахматова.

Ал эми «Мекенчил» жаш балдарды колдонгон видеоролик аларга тиешелүү эместигин билдирди. Партиянын БШКдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Рысбаеванын айтымында, соцтармактарда тарап жаткан материал алардын колуна бир күн мурда келип түшкөн. Эми аны Боршайкомго тапшырып, кимге таандык экенин такташмакчы.

«Азыркы учурда БШКга бул боюнча расмий билдирүү жасап жатам. Шайлоо өнөктүгү башталгандан баштап эле мыйзам чегинде иш алып баруудабыз. Ролик качан чыкканын билбейм, бирок бизге бир күн мурда келди. Партиянын ичинде чогулуш өткөрүп, аймактардагы штабдарга айтылды. Териштирүүнүн жыйынтыгында видеоролик ким тарабынан жасалганы азыркы күнгө чейин белгисиз болуп жатат. Балким биздин партияны колдогон активисттер чыгаргандыр. Бирок үгүт иштерине жаш балдарды аралаштырган бул материалдарды партиянын шайлоо фондунан каражат төлөп тарттырган эмеспиз», -деди Рысбаева. 

Буга чейин «Кыргызстан» партиясы үгүт өнөктүгү башталар алдында баннерлерине жаш балдардын сүрөтүн чыгарып, БШКдан эскертүү алган. Мындан тышкары аталган жарнама материалдарын пайдаланууга уруксат берилген эмес.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүнө 4-сентябрда расмий уруксат берилген. Партиялардын агитациясы шайлоого бир күн же 24 саат калганда токтотулат.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо