Ноокатта унаасы менен Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен эки жаран табыла элек


Ош облусунун Ноокат районунунун Ак-Терек-Папан-Кожокелен унаа жолунун 40-чакырымындагы Күндү-Дөбө айылында автоунааны башкара албай дарыяга түшүп кеткен эки жаран табыла элек. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады. 

Окуя 14-сентябрда болгон. “Хюндай-Портер” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен. Унаада 3 адамдын бирөөсү аман калган. Ал эми 64 жаштагы эркек киши жана 4 жаштагы жаша бала сууга түшүп кеткен бойдон дайынсыз.

Издөө иш-чаралары улантылып жатканы менен дарыяга түшүп кеткендер табылбай жатат. Жалпы 17 куткаруучу жана жергиликтүү тургундар тартылган.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо