Атайын проект «Карангылыкта» - Т-медиа

Атайын проект «Карангылыкта»

Ош бийлиги быйыл 523 даракты кыюуга жол берди. Бул башка жылдарга салыштырмалуу алты эсеге көп

Шаардык мэрия Оштогу эки көчөдөн жалпы 523 даракты кыйды. Бул жолдорду кеңейтүү менен тез жардам кызматына шарт түзүү максатында ишке ашты. Бирок жергиликтүү бийлик  ансыз да жашыл аймагы аз, бирок автоунаасы көп калаадагы экологиялык оор кырдаалды эсепке алган жок.

Сууга түшүүдөгү алтын эрежелерди билесизби? Лонгрид

Сууга түшүүдөгү алтын эрежелер Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек. Сууга түшүүнүн пайдасы Сууга түшүү булчуңдун активдүүлүгүн (сууда сүзүү, кыймылдоо жана ойноо) талап кылып, бардык организмге, айрыкча кыймылдоо жана таяныч органдар системасына […]

Күндүн нуруна кантип туура күйүү керек? Лонгрид

Күндүн нуруна кантип туура күйүү керек? Жайдын аптаптуу учуру жакындап, суу сүйүүчүлөрү акырындык менен көлдү көздөй агылып жатышат. Мындай учурда биздин башыбызда сууга түшүү, күнгө күйүү ден соолукка пайдалуу деген гана ой турат. А чынында күнгө туура күйүүнүн төмөндөгү эрежелерин сактаганда гана пайдалуу болоору унутта калат. Күн нурунун пайдалуулугу - Күндүн нуру денеге күч-кубат, энергия […]

Ислам дининдеги мазхабтар. Лонгрид

Ислам дининдеги мазхабтар Ислам дининде мазхабтар фикхий (амал) жана итикадий (ишеним) деген агымдар боюнча экиге бөлүнөт. Бул агымдар пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в) дүйнөдөн кайткандан кийин пайда болгон. Мазхаб деген сөздүн сөздүк мааниси араб тилинде кетүү, бара турган жер жана жол маанилерин түшүндүрөт. Мазхабдардын келип чыгуу тарыхы Мухаммед (с.а.в) пайгамбар дүйнөдөн кайткандан кийин мусулмандар ортосунда ар кандай […]

Мектептерге дин сабагы кантип киргизилиши керек? Лонгрид

Мектептерге дин сабагы кантип киргизилиши керек? Кыргызстанда дин маданиятынын тарыхы сабагы 2016-жылы 10 мектепте пилоттук негизде киргизилген. Учурда 56 мектепте пилоттук негизде окутулуп жатат. Бирок бул дин маданиятынын тарыхы китебинин мазмунунда бир канча мүчүлүштүктөр болгондуктан үчүнчү жолу басууга берилип жатат. Мектептерде дин сабагы кандай окутулушу керек? Кыргызстан светтик мамлекет болгондуктан мектептерде диний билим берүү эмес, […]

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн түптөлгөнүнө быйыл 27 жыл

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн түптөлгөнүнө быйыл 27 жыл Кыргызстанда 1992-жылдын 13-январында ошол кездеги өлкө башчысынын жарлыгы менен коргонуу боюнча мамлекеттик комитет түзүлүп, аны генерал-майор Жаныбек Үмөталиев жетектеген. Ал эми 29-майда башка бир жарлык менен Кыргызстандын аймагындагы мурдагы советтер союзунун аскер бөлүктөрүн өлкө расмий түрдө өз карамагына алган. 29-май эгемен өлкөнүн куралдуу күчтөрүн түптөөнүн башаты болуп калган. […]

Басмачылар баяны

Басмачылар баяны 1918-1934-жылдары Борбор Азияда совет бийлигине каршы күрөштүн катышуучуларын совет тарыхчылары «басмачылар» деп аташкан. Кыргызстандын тарыхында актай калган барактар дале болсо көп. Ошолордун бири - басмачылар кыймылы, алардын большевиктердин атеисттик саясатына каршы туруу тарыхы. Тилекке каршы, бул темага өткөн замандын тарыхчылары кандай сыртын салса, азыр деле ошол кейиштүү абал өзгөрбөгөн бойдон келатат.Басмачылардын максаты советтик […]

Эрте эне болгон эселектер: Кыргызстанда турмушка чыккан кыздардын 12%ын 18 жашка чейинкилер түзөт

Оштук Шахсанам (аты өзгөртүлдү) болгону 18 жашта. Ата-энесине эркелеп, окуп-ойной турган убагы. Бирок ал чоң турмуштун кайыгына эбак түшкөн– бир ирет боюнан түшүп, азыр ара төрөлгөн баласы колунда. Түйшүгү түмөн үйдөн эң алыс чыккан жери – эгин талаасы. Кыргызстанда никеге турууга 18 жаштан кийин гана уруксат берилет. Бириккен улуттар уюму  жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, турмушка чыккандардын […]

Тоолуу айылды тандаган жаш дарыгер

Айылды тандаган дарыгер Тоолуу айылды тандаган жаш дарыгер Аравандык жаш дарыгер Адахан Кара-Суунун Папан айыл өкмөтүндөгү үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда иштейт. Адахан жашаган айыл менен жумуштун аралыгы 100 чакырымга чамалайт. Өмүр сакчысы тоолу аймакка келүүсүнүн себеби, бул аймакта дарыгерлердин аздыгы болду. Андыктан жаш адис тажрыйба алуу үчүн алыскы айылда иштөөнү макул көрдү. Адахан Абдиев: Мен өзүм […]

Мен жашашым керек

Мен жашашым керек Менин каарманым 38 жаштагы Гүлмира айым. Жалал-Абадтын тургуну үй-бүлөлүү 1 уул 1 кыздын энеси 10 жыл убакыттан бери Россияда эмгектенип, илдетти мына ошол жактан жуктурдум деп ойлойт Биринчи текшерүүнү орус дарыгерлери жүргүзүшкөн Гүлмира айымды 2 оор илдет аныкталды Дарыгерлер каарманыбызды текшерип, ашказанынан рак болгонун айтышкан. Мындан сырткары текшкерүүдөн ВИЧ вирусу чыкканын билдиришкен […]