Адил сөз

16 Видео

Бакчадагы зомбулук. Баланын оозу көгөргөнүнө ким күнөөлү? Видео

Ошто бакчадан оозу көгөрүп келген баланын ата-энеси милицияга арыз жазды. 24-августта катталган окуя боюнча азыр териштирүү иштери жүрүүдө. Көк-ала тактарга шектелип жаткан №48 «Гүлдесте» балдар бакчасынын тарбиячылары тагылган айыпты четке кагып жатат. Айтымдарында, баланын оозунун көгөрүшүнө алардын тиешелери жок. Дайындалган соттук медициналык экспертизада эмнелер такталган?Видеодон көрүңүз.

Эвакуатор: Четке сүрүлгөн токтом

Эвакуатор: Четке сүрүлгөн токтом Ош шаардык ЖККК начальниги мыйзам бузулганын билет, бирок көрмөксөн... Ош шаарында эвакуатор автоунааны айдоочусу менен кошо жүктөп кеткен. Мыйзам боюнча кожоюну келсе, транспортту эвакуациялоого тыюу салынат. Окуяга күбө болгон активист бул боюнча сотко кайрылганы жатса, калаанын башка тургундары "жолду тазалоодо" эч бир норма сакталбай, өз билемдик орун алганын айтууда. Сегиз ай […]

Кыргызстан-Өзбекстан чек арасынын эки тилкеси макулдашылды

Кыргызстан менен Өзбекстан такталбаган чек ара тилкелеринен дагы экөөнү аныктады. Ал Фергана жана Баткен облустарына тиешелүү. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы кабарлады. Шахимардан жана Газнов тилкелериндеги чектеш жерлер Фергана шаарында макулдашылды. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араларын тактоо боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр 1-7-август күндөрү өткөн. Былтыр Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырым чек арасынын 85% такталган. Калган […]

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 44 жаштагы Узарбек Жылкыбаев дайындалды

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү ким болду? Таалайбек Сарыбашев Ош шаарынын мэри болуп шайланганга чейин Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүн жетектеп турган. Сарыбашев кызмат ордун алмаштыргандан соң анын ордуна ким келери баарына кызык болуп турган? Целевое действие Бүгүн көпчүлүктү кызыктырган бош орунга жаңы жетекчи дайындалды Ош облусунун башчысы болуп 44 жаштагы Узарбек Жылкыбаев дайындалды "Т-Медиага" […]

Сарыбашев кийинки аптадан мэрликке киришет. Эгер арыз-даттануулар түшпөсө

Ош мэрин шайлоо өттү деп таанылды. Тиешелүү протоколдор БШКга жөнөтүлдү. Эгер үч күн ичинде арыз-даттануулар түшсө, ал да боршайкомго жиберилет. Азырынча шайлоо таза өттү деп бааланып жатат. Ошол эле учурда шайлоо эрежелери бузулганы да айтылды. Шайлоо талабына ылайык,  бюллетендер бүктөлүп ташталыш керек эле. Бүгүнкү шайлоодо айрым депутаттар ачык эле көрсөтүп таштап жатышты. Эгер жогорудагы айтылгандар […]

Ош шаарынын мэрин депутаттар кандай шайлады?(Фоторепортаж)

Көптөн күткөн Оштун мэрин шайлоо болуп өттү. «Т-Медиа» шайлоо убагында айрым терс көрүнүнүштөрдү кадрга алды. Мэр болуп шайланган Таалайбек Сарыбашев шайлоо алдындагы платформасы менен тааныштырып жаткан учурда, шаардык кеңештин кээ бир депутаттары уктап, айрымдары чөнтөк телефону менен алек болуп олтурушту. Депутаттардын  айрым сүрөттөрү социалдык тармактарда кызуу талкууга түштү. Шайлоо учурунда тартылган сүрөттөр топтомун сунуштайбыз.  

Ош мэрлигине Таалайбек Сарыбашев шайланды

Ош шаарынын мэрин шайлоо аяктады. Добуш берүү жараяны жашыруун өттү. Жыйынтыгында, Таалайбек Сарыбашев 44 добуш менен мэр болуп шайланды.  Аймактык шайлоо комиссиясы токтом чыгарып, шайлоо өттү деп эсептеди . Мэр шайлоого Ош шаардык кеңешиндеги 45 депутат толугу менен катышты. Шайлоо мыйзамына ылайык, депутаттардын үчтөн экиси добуш берген болсо, шайлоону өттү деп эсептелет. Эске салсак, Ош […]