Инфографика - Т-медиа

Инфографика53 Видео

Ноокаттагы көп жылдык арчалар кен үчүн кыйылып кетеби? Иликтөө

Ноокаттагы көп жылдык арчалар кен үчүн кыйылып кетеби? Иликтөө Ноокат районундагы токой чарбада 6500 түп көп жылдык арчалар кыйылып кетиши мүмкүн. Анткени дарактар өскөн жерден чыгуучу мраморду алууга лицензия берилип, казуу иштери башталышы керек. Акарт мрамор кени казыла турган токой чарбанын жалпы аянты 14,85 гектарды түзөт. Ноокат райондогу токой чарбасынын токойду коргоо жана сактоо боюнча […]

«Чыда». Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт

Ушул жылдын жазында Жалал-Абадда 2 жашар кыз ур-токмоктон улам оор абалда ооруканага түшүп, каза болду.  Экспертиза кенедей наристе көптөн бери сабалып жүргөнүн аныктап, шектүү катары таенеси табылды. Биз өспүрүмдөргө карата жасалган зордук-зомбулуктардын эмнеден улам көбөйүп жатканын жана аларды эмне бириктирерин түшүнүү, билүү үчүн окуялардын базасын түздүк. Анда акыркы беш жылда онлайн ММКларга чыккан балдарга карата […]

Кыргызстандын жергиликтүү кеңештеринде аялдардын саны азаюуда

Депутаттардын 30%ы милдеттүү түрдө аялдар болушу керек деген квотаны киргизүү өзүнүн эффективдүүлүгүн көрсөттү, бирок мыйзамда бул норма жазылганы менен анын аткарылышына кепилдик жок экендигин эксперттер белгилейт.

Ош бийлиги быйыл 523 даракты кыюуга жол берди. Бул башка жылдарга салыштырмалуу алты эсеге көп

Шаардык мэрия Оштогу эки көчөдөн жалпы 523 даракты кыйды. Бул жолдорду кеңейтүү менен тез жардам кызматына шарт түзүү максатында ишке ашты. Бирок жергиликтүү бийлик  ансыз да жашыл аймагы аз, бирок автоунаасы көп калаадагы экологиялык оор кырдаалды эсепке алган жок.