Инфографика - Т-медиа

Инфографика

«Чыда». Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт

Ушул жылдын жазында Жалал-Абадда 2 жашар кыз ур-токмоктон улам оор абалда ооруканага түшүп, каза болду.  Экспертиза кенедей наристе көптөн бери сабалып жүргөнүн аныктап, шектүү катары таенеси табылды. Биз өспүрүмдөргө карата жасалган зордук-зомбулуктардын эмнеден улам көбөйүп жатканын жана аларды эмне бириктирерин түшүнүү, билүү үчүн окуялардын базасын түздүк. Анда акыркы беш жылда онлайн ММКларга чыккан балдарга карата […]

Кыргызстандын жергиликтүү кеңештеринде аялдардын саны азаюуда

Депутаттардын 30%ы милдеттүү түрдө аялдар болушу керек деген квотаны киргизүү өзүнүн эффективдүүлүгүн көрсөттү, бирок мыйзамда бул норма жазылганы менен анын аткарылышына кепилдик жок экендигин эксперттер белгилейт.

Ош бийлиги быйыл 523 даракты кыюуга жол берди. Бул башка жылдарга салыштырмалуу алты эсеге көп

Шаардык мэрия Оштогу эки көчөдөн жалпы 523 даракты кыйды. Бул жолдорду кеңейтүү менен тез жардам кызматына шарт түзүү максатында ишке ашты. Бирок жергиликтүү бийлик  ансыз да жашыл аймагы аз, бирок автоунаасы көп калаадагы экологиялык оор кырдаалды эсепке алган жок.

Ош шаарына 3019 жыл. Кайсы мэр кандай иштеди?

Быйыл Ош шаарына 3019 жыл.  Ош шаар башкармасы 1941-жылы түзүлүп,  1991-жылга чейин 11 башчы иштеген. Түштүк борборго өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин дагы 11 мэр башчылык кылган. Демек, 27 жыл ичинде Ошто мэр тынымсыз алмашып турган. «Т-Медиа» Ошту башкарган мэрлер кандай иштегенине көз чаптырып чыкты. Эгемендүүлүктөн берки калаа башчыларынын эмгектерине өзүңүз баа бериңиз.       […]

Күйүүчү май бааларынын аймактарда айырмасы кандай? Инфографика

Улуттук статистика комитети өлкө аймактарында А-92 бензини жана дизелдик күйүүчү майдын бааларына талдоо жүргүздү. Маалыматка караганда, былтыркы жылдын июль айына салыштырганда быйыл А-92 бензини 4 сомго же 9,1 %га арзандаган. Ал эми дизелдик күйүүчү май 30 тыйынга же 0,7 %га кымбаттаган. Быйыл июлда А-92 бензинге карата жогорку баалар Исфана шаарында (1 литри – 42,90 сом), Баткен шаарында […]

Өлүм жарышы. Ошто көп учурда адам курмандыктары менен коштолгон жол кырсыктарынын себеби — айдоочулардын күнөөсүнөн катталат

Өткөн жылдын 20-декабрында Оштун борбордук көчөсүндө жол кырсыгы  катталган. Анын кесепетинен үч адам жеринде каза болгон. Кырсыктан өмүрү кыйылгандар Болот (аты өзгөртүлдү) жана анын эки досу болчу. Окуя болгон күнү алар жаңы жылдык кечеден келе жатышкан. Кокустан каттуу ылдамдыкта келе жаткан унаа карама каршы тилкеге чыгып өз жолунда бара жаткан машина менен кагышкан. Үч дос […]