Ачык Талкуу - Т-медиа

Ачык Талкуу

«Ачык талкуу» №8 чыгарылыш: жаштардын маданияты кантти?

Жаштардын маданияты заман агымына жараша өзгөрүп баратат деп айтылып жүрөт. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу  азыркы жаштар улуу муундарды сыйлоону билбейт деген сын бар. Буга кошо телефон же интернетке байланып, адепсиз видеолор кыргызстандык жаштарды терс жакка үгүттөп жатканы айтылат. «Ачык талкуу» программасы бүгүнкү жаштардын адеп-ахлахы менен маданиятына кайрылган.

«Ачык талкуу» №7 чыгарылыш: Каада салт жана ысырапкорчулук

Кыргызстандыктар той-аштарга жылына 2 миллиард доллар сарптайт. Кымбат автоунаалардын коштоосундагы жаш жубайлардын сейилдөөсүнө он миңдеген сом чачылат. Кафелердеги чыгым деле орточо 300 миң сомдун башын жейт. Кийит, союш жана башка чыгымдарды кошкондо бир эле той жарым миллион сомго барабар болуп калат. Жакшылык-жамандыкты канткенде ашыкча ысырапкорчулуксуз өткөрө алабыз? «Ачык Талкуу» теледолбоорунда көтөрүлөт.

«Ачык талкуу» №6 чыгарылыш: Сирияга азгырылгандарды коомчулук кандай кабыл алат?

Кыргызстандан  Сирия менен Ирактагы согуштук аракеттерге каттышкандардын саны 800дөн ашаары расмий кабарланат. Азырынча террорчул уюмдарга кошулган жарандардын массалык кайтып келиши катары баалай элек. Кыргыз өкмөтү да кайра кайткандарга кандай мамиле кыларын чече элек. Кайтып келишсе Кыргызстан кандай кабыл алат? Адашып калгандарды коомчулукка кантип кайтара алабыз? «Ачык талкуу» теледолбоору талкуулаган.

«Ачык талкуу» №5 чыгарылыш: кайрымдуулук — сооп же аброй?

Кайрымдуулук кылгандар барган сайын көбөйүп жатат. Муктаждарды демөөрчүлөр күнүмдүк тамак-аштан сырткары, кийим-кечеге чейин камсыздоодо. Жада калса мүмкүнчүлүгү чектелгендерге үй салып, өз каражаттарына балдар үйлөрүн ачкандар да кездешет. Бирок акыркы кездерде кайрымдуулук сооп жолунда эмес, аброй үчүн жасала баштаганы айтылып жүрөт. «Ачык талкуу» теледолбоору мына ошол кайрымдуулук тууралуу эфир уюштурган. Тараптапдын пикирин видеодон көрүңүз.

Ачык Талкуу №4 программа: Ача пикир жараткан майрамдар

Өлкөдө социалдык тармактарда айрым майрамдарды белгилөөгө каршы чакырыктар көбөйө баштады. Бүт дүйнө белгилеген жаңы жыл майрамынан тарта аялдардын эл аралык күнүн да белгилөөбөгө үндөп жатышат. Андан сырткары түрк тилдүү өлкөлөргө таандык делген нооруз майрамын белгилөө туура эмес деп айтылып жүрөт. Жогорудагы майрамдардан баш тартуу диний көз караштарга негизделип жатат. Майрамдарды белгилөө канчалык негиздүү? «Ачык талкуу» […]

Ачык талкуу №3: Эмдөө керекпи же жокпу?

Акыркы жылдары Кыргызстанда эмдөөдөн баш тарткандар көбөйдү. Расмий маалымат боюнча балдарын вакцинациядан өткөрбөгөндөр 2016-жылы 5 миңдин тегерегин түзсө, былтыр 7 миңден ашкан. Иммуннопрофилактика борбору белгилегендей, эмдөөдөн баш тарткандарын басымдуусу диний көз карашка негиздөөдө. Ал эми 20%ы вакциналардын сапатынан күмөн санашат. Вакцинациялоонун солгундашы жана кесепеттерин «Т-Медиа» «Ачык Талкуу» ток шоусунда алып чыккан.

Кыргызстанда диний кырдаал кандай?

Кыргызстанда террористтик жана экстремисттик деп табылган 8 диний уюм бар. Жалпы 20 диний уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Алар:  «Хизб-ут Тахрир», «Талибан», «Ислам мамлекети», «Түркстанды бошотуу кыймылы», «Өзбекстан ислам кыймылы», «Ал-Каида», «Якин инкар» жана башкалар. Арасынан “Хизб-ут Тахрир” диний партиясынын мүчөлөрү көп деп айтылып жүрөт. Кыргызстандагы экстремисттик абал жана бөгөт коюу жолдорун «Ачык Талкуу» ортого салды.

«Ачык талкуу» №2 чыгарылыш: диний жана светтик билимдин айкалышы

Бүгүнкү күндө өлкөдөгү медреселерде 8193 студент билим алат. Анын 4472и эркек, 3721и кыздар. Диний билим берүү мекемелери өз бүтүрүүчүлөрүнө сертификат же күбөлүк беришет. Ал мечитте имам же башка диний мекемелерде кызматкер болуп иштөөгө мүмкүнчүлүк берет. Бирок документти мамлекеттик мекемелер тааныбайт. Мунун айынан көпчүлүк медресе бүтүрүүчүлөрү жумушсуз калат. Диний жана светтик билимдин айкалышын «Ачык талкуу» программасынан көрө […]