Микровидео - Т-медиа

Микровидео

Азиада-2018: Айсулуу Тыныбековага алтын ыйгарылабы? Микровидео

Азия Олимпиада кеңеши монгол күрөшчүсү Орхон Пуревдоржду алтын медалдан ажыратты. Эреже боюнча эми алтын медал экинчи орунду алган кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбековага берилип калат.

Ленин чокусунда туристтик фестиваль өттү

Ленин чокусуна келген туристтердин саны жыл сайын көбөйүүдө. Орточо эсеп менен жылына 300-350 чет элдик келип кетет. Быйыл да туристтерди тартуу максатында туристтик фестиваль уюштурулду. Ленин чокусунун 90 жылдыгына арналган фестивалга 100гө жакын чет элдик келген.

Ленин чокусунда соода кылган сатуучулар

Чоң-Алайдагы кол өнөрчүлөр жасаган буюмдарын «Ленин чокусуна» алып чыгып сатат. Негизги кардарлары туристтер болот. Баа жергиликтүү базардан эки эсе жогору. Таза пайда 100 миң сомго чейин калат.

Туристтик бизнестин эбин тапкан үй-бүлө

Ленин чокусунда туристтерди үчүн лагер бар. Анын бирин жергиликтүү үй-бүлөгө иштетет. Конок үйдөгү кызматкерлердин баары үй-бүлө мүчөлөрү. Эки айлык сезондо 500 миң сомго чейин табышат  

Жайлоодо жабылган казан нан

Жайлоодо нанды казанга жабышат. Анткени даярдоо жеңилиреек болот.

Москвада кыргызстандыктар маданий борбор ачты

Москвада кыргызстандык ишкерлер маданий борбор ачты. Борбордо мейманкана, кинотеатр жана кафе бар. Ашканада кыргыздын улуттук тамактары даярдалса, мейманкана оймо-чиймелер менен жасалгаланган. Мекендештерибизге бул жай Кыргызстанды эске салат.

Москвадагы кыргыз кинотеатры

Орусиянын Москва шаарында кыргыз кинолору коюлат. Чакан кинотеатрды кыргызстандыктар иштетет. Көрүүчүлөрүнүн дээрлик баарын кыргыздар түзөт. Мекендештерибизге күнүнө үч жолу кыргызча тасма көрсөтүлөт.

Кыргыздын улуттук кийимдерин Орусияда жайылткан ишкер

Москвадагы дүкөндөрдүн биринде кыргыздын улуттук кийимдери сатылат. Аны жеке ишкер Азамат Абылгазиев иштетет. Максаты — кирешелүү бизнес гана эмес. Ишкерлиги аркылуу кыргыздын улуттук кийимдерин жайылткысы келет.

Оштогу суу тосмонун азыркы абалы

Ош шаарына чөмүлүүдөн кийинки таза суу барат. Калаанын башкы суу тосмосу ушул тапта чөмүлүүчү жайга айланды. Гигиеналык нормага каршы келген  жагдайларды «Т-Медианын» чыгармачыл тобу жеринен көрүп келген.