Индиядагы өрттө 17 киши каза болду

Индиянын борбор шаары Делинин батышындагы мейманканадан өрт чыгып, 17 киши каза тапты. Дели коопсуздук директорунун орун басары Мандип Синг Рандхаванын билдиришинче, Карол Багх районундагы 5 кабаттуу Арпит Палас мейманканасында чыккан өрттөн 4 киши жараланганган. 12-февралга караган түнү башталган өрт учурунда мейманкананын ичинде калып кеткен 30дан ашуун киши чыгарылган.  Учурда өрттүн чыгып келүү себептери териштирилүүдө.