31-август - Т-медиа

Ошто эгемендүүлүк майрамы эрте белгиленет

Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгын Ош шаары быйыл өзгөчө белгилейт. Август айынын ар ишемби күндөрү майрамдык иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу «Т-Медиага» Ош мэриясынан кабарлашты.  Көз карандысыздык күнү 4-11-18-25-август күндөрү калаанын эс алуу бактарында белгиленет. Концерттик программалар Ош шаардык маданият башкармалыгы жана театр кызматкерлери тарабынан көрсөтүлөт. Андан сырткары шаардагы музыкалык мектеп жана балдардын чыгармачылык борбору атайын программаларды коюшат. […]