АКШ - Т-медиа

Трамп: Кыргызстан менен келишим түзүүнү күтүп жатабыз

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп Кыргызстан менен келишим түзүүгө кызыктар. Муну ал Кыргызстандын элин жана өлкө башчы Сооронбай Жээнбековду Нооруз майрамы менен куттуктап жатып билдирди. “Биздин эки өлкөбүздүн ортосундагы 27 жылдык өнөктөштүгүбүз бай кызматташтык салттарына ээ. Келечекте кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн тереңдетүү үчүн AKШ менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык келишимдин ийгиликтүү түзүлүшүн чыдамсыздык менен күтүп жатам. […]

Лавров: АКШ эл аралык укуктарды бузууда

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШ жана алардын шериктештер өлкөлөрүнүн Венесуэлага карата эл аралык укуктук нормаларды бузуп жатканы тынчсыздыра турган маселе экенин айтты. Лавров, Сьерра-Леоненин тышкы иштер министри Алие Кабба менен борбор калаа Москвада жолугушуусунан кийин маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин күн тартип тууралуу суроолоруна жооп берди. Венесуэлада өзүн убактылуу президент катары жарыялаган Улуттук парламенттин […]

Венесуэла АКШдан расмий жооп күтүүдө

Венесуэланын тышкы иштер министри Хорхе Арреаза БУУнун келишиминин эч бир беренеси өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигише албастыгын белгиледи. Министр Арреаза Венесуэланын тышкы иштер министрлигинде өткөргөн маалымат жыйынындагы билдирүүсүндө: «БУУнун келишими өлкөлөрдүн бирдей жана эгемендүүлүгү принцибине негизделген. Бул принциптерге дүйнөнүн бардык өкмөттөрү тарабынан урмат-сый көрсөтүлүшү керек»,-деп айтты. Арреаза Венесуэла менен АКШнын ортосундагы мамиле төңкөрүш менен чеилбей турганын […]

АКШ Венесуэлага каршы күч колдонот

АКШ Венесуэлада аскердик күч колдонууну пландаштырып жатат. Бул тууралуу республикачыл сенатор Линдси Грэм президент Дональд Трамптын айтканына таянып билдирип чыкты.  Axios агенттигине маалымат берген Грэм Трамп менен Венесуэла темасындагы сүйлөшүүнүн мазмуну тууралуу айтып берди. «Бул боюнча Трамп «Таң калып жатам сен баардыгын басып алууну каалаган бирисиң» деп жооп бергенде мен баардыгын басып алгым келбегенин, бир гана […]

Трамп АКШнын Мексика чек арасына дубал тургузат

Дональд Трамп АКШ менен Мексика чек арасына дубал тургузуу планынан кайткан жок. Бул туралуу ал өзүнүн Твиттер баракчасынан билдирди. АКШ президенти Дональд Трамп бир катар кеңселерди 15-февралга чейинки каржылоо боюнча Конгресс кабыл алган убактылуу бюджетке кол койгон. Эми алдыдагы 21 күндө узак мөөнөттүү бюджет маселеси талкууланат. Дональд Трамп чек арага дубал куруу боюнча оюнан кайтпай […]

АКШ менен Түндүк Корея ортосунда дипломатиялык жолугушуулар өтөт

АКШнын борбору Вашингтондо 17 – 18 -январь күндөрү Түндүк Кореянын белгилүү кызматтагы жетекчилердин жолугушуусу өтөт.  Йонхап агенттигинин берген маалыматында, АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Түндүк Кореянын жумушчу партиясынын төрагасынын орун басары Ким Йонг Чол жолугат. Түштүк Кореянын «Chosun Ilbo» гезити да Ким Йонг Чолдун бейшемби күндөн баштап эки күндүк сапар менен Вашингтонго барарын жазып чыккан. Помпео жана […]

Кыргызстандын АКШдагы элчиси кызматтан четтеди

Кыргызстандын АКШдагы элчиси Кадыр Токтогулов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка бүгүн 14-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Кадыр Токтогулов Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп 2014-жылдын дайындалган. Ал 2016-жылдан тарта Кыргызстандын Канададагы элчисинин кызматын кошо аткара баштаган. Өкмөт өткөн жумада Орусияга, АКШга, Кытайга жана Түштүк Коредагы элчилик кызматка […]

«Дарак ыры» тасмасы АКШда кинофестивалга катышат

Режиссер Айбек Дайырбековдун «Дарак ыры» тасмасы АКШда өтө турган World cinema now аттуу XXX эл аралык кинофестивалына катышат. Кинофестивал 2019-жылы 3-14-январь күндөрү АКШнын Калифорния штатынын Палм-Спрингс шаарында өтөт. Анын алкагында жыл ичинде дүйнөдөгү кинематографисттердин мыкты эмгектери тандалып, 135 миңге жакын көрүүчү топтой алат. Бул жылкы кинофестивалдын программасына 78 өлкөдөн 200дөн ашуун тасма кирген. Аталган кинофестиваль […]

Huaweiдин жетекчиси Мэн Ванчжоу Канадада кармалды

Кытайлык Huawei технология компаниясынын негиздөөчүсүнүн кызы жана каржылык жетекчиси Мэн Ванчжоу Канадада кармалды. Аларды АКШнын Иранга каршы санкцияларын бузган деп айыпталып кармалганы кабарланууда. Мэн Ванчжоу Канаданын Ванкуверде шаарында 1-декабрда кармалган. Бул тууралуу 6-декабрда гана белгилүү болду. Аны АКШга өткөрүп берилээри айтылып жатат. Кытайдын Канададагы элчилиги Мэн Ванчжоуну бошотууну талап кылган. Жакында АКШ дүйнө боюнча өнөктөш […]

АКШнын аскердик учагы Японияда кырсыктады

Япониянын Окинава шаарына жакын жерде АКШнын  аскердик учагы кырсыкка учурады. Америка учак конуучу кемесинен учкан Ф — 18 моделиндеги аскердик учак  Филиппин деңизине түшкөн. Американын деңиз күчтөрүнө караштуу  флоттон берилген маалыматта учактын күнүмдүк операцияларында техникалык жактан маселе чыккандыгы билдирилди. Учактагы эки учкуч куткарылган. Өткөн айда да учак конуучу кемеден учкан MH-60 моделиндеги учак кырсыкка учураган. […]