Алай району - Т-медиа

Ош облусунда жер титиреди

Бүгүн таңкы саат 05:18де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.  Жер титирөө Алай районунун Көк-Суу айылында 4,5 баллга, Эркештам, Нура айылдарында 4 баллга жана Кара-Киндик айылында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Алайда жер титиреди

Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен  аймагында жер титирөө катталды. Очогунда силкинүүнүн күчү 4,5 баллга жеткенин өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирүүдө.  Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун алдын маалыматына ылайык, бүгүн таңкы саат 07:48де Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен  аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 4 баллга, Көк-Суу айылында […]

Алайда жер титиреди

Алай районунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Зилзала бүгүн, 22-августта саат 09:49 чамасында катталганын өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Сейсмология институтунун алдын  маалыматы боюнча, жер титирөө Алай районунун Нура айылында 3,5 баллга, Кара-Киндик айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Эске салсак, акыркы жолу Алай районунда […]

Алайда жер силкинди

Кытайда катталган жер титирөө Алай районунун Нура айылында 2,5 баллга сезилди. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.  Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Эске салсак, Кытай Эл Республикасында 9-августга караган түнү 2:19да күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Алайдагы көпчүлүктү кызыктырган сырдуу көл

Алай районунда «Тулпар» деп аталган көл бар. Жергиликтүүлөр аны «сырдуу көл» деп коюшат. Себеби суунун кошулган же чыгып кеткен жери эч кимге анык эмес. Эл оозунда көлдүн түбү терең деп айтылып жүрөт.

Алайлыктар туристтик фестиваль өткөрүштү

Алай туризмге ылайыкташкан район. Аймакта туристтик сезон июнда башталган. Сезондо жергиликтүүлөр туристтерге кызмат көрсөтүп акча табышат. Жайлоолордо боз үй тигип, чет өлкөлүктөрдү түнөтүшөт. Айдоочулар болсо, туристтерди дарегине жеткирип пайда көрөт. Айтор, туризмден түшкөн киреше жакшы. Ошол себептүү алайлыктар акыркы жылдары туристтерди тартуу аракеттерин көрүүдө. Ал багытта быйыл да туристтик фестиваль уюштурулган.