Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк делегация Араван районуна келди

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жумушчу тобунун делегациясы Ош облусунун Араван районуна барышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат камсыздоо кызматы кабарлады.

Керкидандыктар: бийлик биздин оюбузду сураган жок

Араван районундагы Керкидан айылынын бир нече тургуну бүгүн, 11-сентябрда чек ара маселеси боюнча облустук администрацияга келишкен. Алар Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов менен жолугуп, айылдагы кыргыз-өзбек чек арасындагы такталбаган жер боюнча сүйлөшүшкөн.

Араван: ишкерлер ачкан жол элди убайымга салды

Араванда «Ак ниет» пахта заводу жүк унааларына жол сала баштады. Ал жол эл жашаган көчөдөн ачылып жатканына жергиликтүүлөр нааразылык билдирүүдө.  Оор унааларга ылайыкташкан жол Юсупова айыл өкмөтүнүн Азизахунов көчөсүнө курулуп жатат. Ал эми 30 жылдан бери пахта заводдун негизги жолу болуп келген Ленин көчөсү жүк машинелерге чектөө киргизмекчи. Буга аталган көчөдө балдар бакчасы, мектеп жана колледж […]

Төө-Моюнда мектептин атын коюу талашка түштү

Аравандын Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн Найман айылындагы В.И.Ленин атындагы мектепке айылдыктар Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, айылда көп жолу депутат болгон Кабыл Асановдун ысымын берүүнү демилгелеп жатышат. Бирок Жогорку Кеңештин аппарат башчысы Самат Ибраев атасы Кулике Ибраевдин атын берүүнү талап кылып, элге басым кылууда. Бул тууралуу Найман айылынын бир нече акскалдары жана аялдар, мугалимдер Ошто маалымат жыйын […]