Таалайбек Сарыбашев мэрликке расмий киришти

Ош шаарынын мэри болуп шайланган Таалайбек Сарыбашевге тиешелүү күбөлүк тапшырылды. Эми ал бүгүн, 24-июлдан тарта мэрлик кызматка расмий киришти.   Күбөлүктү Сарыбашевге аймактык шайлоо комиссиясы  тапшырды. Иш чарага өкмөттүн вице-премьер-министри Замир Аскаров,  Ош мэриясынын өкүлдөрү жана шаардык кеңеш депутаттары катышып, жаңы мэрге ийгилик каалашты. Ал эми кызматына расмий киришкен Таалайбек Сарыбашев көрсөтүлгөн ишенимди актоого жана […]

Таалайбек Сарыбашев кызматына киришет

Ош шаарынын мэри болуп шайланган Таалайбек Сарыбашев эртеңден кызматына киришет. Тиешелүү күбөлүктү аймактык шайлоо комиссиясы 24-июлда тапшырат. Бул тууралуу «Т-Медиага» БШКнын Оштогу өкүлү Расул Кадыров билдирди. Ал белгилегендей, боршайком 18-июлда өткөн мэр шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколдорду бүгүн бекитти.  «Ош шаарына Таалайбек Сарыбашев мэр болуп расмий бекитилди. Токтомду БШК бүгүн кабыл алды. Күбөлүктү эртең Ош мэриясынын […]

Ош  мэринин милдетин Саибжан Турдуев аткарып жатат

Азыр Ош  мэринин милдетин Саибжан Турдуев убактылуу аткарып жатат.  Ал Таалайбек Сарыбашев мэрликке расмий киришкенге чейин бул кызматта болот. Мындай маалыматты  “Т-Медиага” мэриянын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн кабарлашты. Таалайбек Сарыбашев БШК тарабынан расмий күбөлүк тапшырылганда гана мэрликке киришет.  Качан тапшырылышы 3 күн ичинде белгилүү болот. Бул убакыт аралыгында аймактык шайлоо комиссиясы мэр шайлоо боюнча арыз-даттанууларды […]

Ош мэрлигине Таалайбек Сарыбашев шайланды

Ош шаарынын мэрин шайлоо аяктады. Добуш берүү жараяны жашыруун өттү. Жыйынтыгында, Таалайбек Сарыбашев 44 добуш менен мэр болуп шайланды.  Аймактык шайлоо комиссиясы токтом чыгарып, шайлоо өттү деп эсептеди . Мэр шайлоого Ош шаардык кеңешиндеги 45 депутат толугу менен катышты. Шайлоо мыйзамына ылайык, депутаттардын үчтөн экиси добуш берген болсо, шайлоону өттү деп эсептелет. Эске салсак, Ош […]

Сарыбашев: Ош шаары эки жылда өнүгөт

Ош шаары эки жыл ичинде өзгөрөт. Бул тууралуу Ош мэрлигине жалгыз талапкер Таалайбек Сарыбашев шаардык кеңештин депутаттарына платформасын таанышып жатып билдирди. Талапкер өнүктүрүү планын тааныштырып болгон соң ар бир фракция лидери сунуштарын айтышты. КСДП фракциясы калаа бюджетин көтөрүүгө үндөсө, “Кыргызстан” фракциясы шаардын таштанды талаасын жылдыруу маселесин биринчи кезекте чечүүгө чакырды. “Мекеним Кыргызстан” фракциясынын лидери Ак […]

Ош мэрин шайлоо башталды

Ош мэрлигине жалгыз талапкер Таалайбек Сарыбашев платформасын тааныштырып бүттү.  Шаардык кеңештеги фракция лидерлери өз сунуштарын айтып болгон соң добуш берүү жараянына уруксат берилди. Добуш берүү жашыруун өтүп жатат. 45 депутаттын ар бири өз-өзүнчө кирип добуш берүүдө. Мэр шайлоого Ош шаардык кеңешиндеги депутаттар толугу менен келген. Эгерде шаардык кеңештеги 45 депутаттын үчтөн экиси добуш берген болсо, […]

Ош мэрин шайлоого депутаттар чакыртылды

Ош шаардык кеңешинин кезектеги XIV сессиясы 18-июлда өтөт. Жыйналыштын күн тартибине «Ош шаарынын мэрин шайлоо» маселеси киргизилген. Бул тууралуу «Т-Медиага» шаардык кеңештин маалымат катчысы Сүйөрбек Аманиллаев билдирди.  «Ош шаарынын мэрин шайлап алганга депутаттар 9:00до жыйнашылат. XIV сессияны өткөрүү бекитилип, 6 фракциянын баары чакыртылды»,-деди Сүйөрбек Аманиллаев. Ош шаарынын мэрин шайлоо 18-июлда өтөт. Мэрликке көпчүлүк коалиция чыгарган […]

Сарыбашев тил сынагынан ийгиликтүү өттү

Ош мэрлигине талапкер Таалайбек Сарыбашев мамлекеттик тилден сынак тапшырды. Жыйынтыгын тил комиссиясы канаттандырып, мэр шайлоого катышуусуна уруксат берилди. Мамлекеттик сынак үч бөлүк менен өттү. Талапкер платформасын кыргыз тилинде тааныштырып, жат жазууну мамлекеттик тилде жазды. Сынактын 3-шартында Ч.Айтматовдун «Делбирим» повестинен үзүндүнү көркөм окуду. Жыйынтыгында талапкер мамлекеттик тилди толук билет деген корутунду чыкты. Тил комиссиясы сынакты өттү […]

Таалайбек Сарыбашев тил сынагын тапшырат

Ош мэрлигине талапкерлиги коюлган Таалайбек Сарыбашев мамлекеттик тилден сынак тапшырат. Бул тууралуу «Т-Медиага» БШКнын Оштогу өкүлү Расул Кадыров кабарларды. Анын билдиришинче, сынак бүгүн 16:00до өтөт. «Шайлоо мыйзамына ылайык, мэрликке талапкер сынак тапшырат. Сынак бүгүнкүгө белгиленди. Тил комиссиясы Таалай Сарыбашевди мамлекеттик тилди кандай билишин аныктап көрүшөт «,- дейт Расул Кадыров. Ош шаарынын мэрин шайлоо 18-июлда өтөт. […]

Ош мэрлигине жалгыз талапкер катышат

Ош шаарынын мэрлигине Таалайбек Сарыбашев гана ат салышат.  Аймактык шайлоо комиссиясына көпчүлүк коалициясынан сырткары талапкер сунушталган жок.  Мындай маалыматты «Т-Медиага» БШКнын Оштогу өкүлү Расул Кадыров билдирди. Анын маалымдашынча, Ош шаарынын мэрлигине талапкерлерди каттоо 10-июлда 18:00до аяктады. «АШКга жалгыз талапкер катталды. Шаардык кеңештеги фракциялардын бири да талапкер чыгарган жок. Премьер-министр да талапкер көрсөтпөдү»,-деди Кадыров. Коалициялык көпчүлүк […]