авария - Т-медиа

Бишкек-Ош жолундагы кырсык адам өмүрүн алды

Бишкек-Ош автоунаа жолунда токтоп турган “Renault” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын аркасынан келип “Mercedes-Benz Sprinter” үлгүсүндөгү  жүк ташуучу унаа сүзгөн.  Кырсык 20-ноябрь күнү саат 03:33 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 326-чакырымында катталган. Камбар-Ата шаарчасында жүз берген автокырсыктан 36 жаштагы аял каза тапты. Андан сырткары 27 жана 25 жаштагы эки эркек жабыркаган. Куткаруучулар жаракат алгандарды жана каза болгон адамды унаадан чыгарышып, […]

Баткенде автоунаа менен трактор кагышты. Кырсыктан эки адам каза тапты

Ош-Баткен-Исфана автоунаа жолунда Toyota Estima менен трактор кагышып, эки киши каза тапты. Автокырсык 6-августта 22:00 чамасында Кадамжай районунда катталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Toyota Estimaда жалпы алты адам болгон. Жүргүнчүлөрдөн экөө жеринде каза тапты. Калган төртөө түрдүү жараат алышкан. ӨКМнин куткаруучулары каза болгондор менен кошо жабыркагандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Быйыл Кыргызстандын аймагында 1600дөй жол кырсыгы […]

Ошто жети унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды (видео)

Ош шаарынын Масалиев проспектисинде (Ош ПВЭС) жүк ташуучу унаа жети жеңил унааны коюп кетти. Күбөлөрдүн айтымында, жүк ташуучу унаа катуу ылдамдыкта келип тормозу иштебей калган. Жыйынтыгында ал жол жээгинде токтоп турган жана жүрүп бараткан автоунааларды сүзүп кеткен. Авто кырсыктан жабыркагандардын саны алты адам, алар ооруканага жеткирилди.

Ошто да кооптуу май куюучу бекеттери бар (видео)

Лейлектеги жарылуу башка газ жана май куюучу бекеттердин  абалын эске салды. “Т-Медиа” Оштогу кооптуу делген күйүүчү май сактаган бекеттерди сурап көрдү. Мамлекеттик экологиялык техникалык  инспекциясынын Ош шаары боюнча регионалдык башкармалыгынын адиси Абдыманап Бекишов билдиргендей, калаа аймагында  44 май куюучу бекет, 2 газ куюучу кампа бар.   Жыл башынан бери   15 и текшерилип,  экөө талапка жооп бербейт […]

Лейлек: Май бекеттеги жарылуу эмнеден чыкты? Кырсыктын чоо-жайы

Иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча Баткендин Лейлегиндеги май куюучу бекеттеги жарылууга өрт коопсуздук эрежелеринин сакталбаганы себеп. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова билдирди. Ал маалымдагандай, өрт күн катуу ысыганда пайда болгон учкундун кесепетинен келип чыгышы мүмкүн. Азырынча кырсыктын себептери так аныктала элек. Иликтөө иштери уланып жатат. Жергиликтүүлөр болсо, өрттүн келип чыгышын […]