Өзгөндө жол кырсыгынан айдоочу каза тапты. Фото

Өзгөн-Мырза-Аке унаа жолунда «Дэу-Нексия» үлгүсүндөгү автоунаа башкаруудан чыгып, айдоочусу жеринен каза тапты.  Бул тууралуу Ош облустук жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, кырсык 4-апрелде кечки саат 17:55 чамасында Өзгөн-Мырза-Аке жолунун 8-чакырымында катталган. «Каза тапкан киши 50 жашта болгон. Ал рулду башкара албай,  жол четиндеги вагонду сүзүп алган. Автоунаанын ичинде андан башка бир жүргүнчү […]

Москвада жол кырсыгынан эки кыргызстандык каза тапты

Москвада болгон жол кырсыгында 2 кыргызстандык жаран каза тапты. Унааны башкарып бара жаткан дагы бир кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди. Маалыматка караганда, кырсык 8-мартта катталган. Айдоочу унааны башкара албай, столбаны сүзгөн. Кырсыкта 28 жаштагы аял жана 30 жаштагы эркек киши каза болгон. «Кыргызстандык айдоочу камакка алынды. Кылмыш иши козголду», -деп билдиришти элчиликтен. Бүгүн […]

Бишкек-Ош жолундагы кырсык адам өмүрүн алды

Бишкек-Ош автоунаа жолунда токтоп турган “Renault” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын аркасынан келип “Mercedes-Benz Sprinter” үлгүсүндөгү  жүк ташуучу унаа сүзгөн.  Кырсык 20-ноябрь күнү саат 03:33 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 326-чакырымында катталган. Камбар-Ата шаарчасында жүз берген автокырсыктан 36 жаштагы аял каза тапты. Андан сырткары 27 жана 25 жаштагы эки эркек жабыркаган. Куткаруучулар жаракат алгандарды жана каза болгон адамды унаадан чыгарышып, […]

Өзгөндө автокырсыктан каза болгон аялдын өздүгү такталды

Өзгөндүн Куршабында автокырсыктан каза тапкан аял Кара-Суу районунун тургуну болуп чыкты. 46 жаштагы А. Ы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн Кара-Дөбө айылынан болгон.  Ош облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздөө бөлүмүнөн «Т-Медиага» билдиришкендей, маркумдун сөөгүн жакындары Өзгөн шаарынын өлүкканасынан алып кетишти. «Аялдын сөөгү окуя катталган 1-октябрдын түнүндө Өзгөн шаарынын өлүкканасына жеткирилген болчу. Тек-жайы такталып, маркумдун сөөгүн туугандарына өткөрүп бердик»,-деди […]

Ош: 6 жашар баланы койдуруп кеткен айдоочу изделүүдө. Видео

Бишкек-Ош эл аралык маанидеги унаа жолунун 649-чакырымында 6 жашар баланы койдуруп кеткен айдоочу табыла элек.  Учурда изин жашырып качкан «Тайота-Прадо» үлгүсүндөгү белгисиз ак түстөгү жол тандабас автоунаасы изделүүдө.  Бул тууралуу «Т-Медиага» Ош обустук ЖКККнын маалымат катчысы Алтынбек Теңизбаев билдирди. Айтымында, из жашырган айдоочуну издөө иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. «Азыр Ош облусунун аймагында «Курчоо» иш мэрчеми киргизилип, […]

Бишкек-Ош жолунда автоунаа оодарылып кетти

Бишкек-Ош унаа жолунда “Volkswagen Passat-B3” үлгүсүндөгү автоунаа оодарылып кетти. Кырсык 23-сентябрда 09:35де Чычкан капчыгайында катталган.  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 1 эркек адам каза таап, бешөө жаракат алган. Кырсык болгон жерге ӨКМ куткаруучулары барышып, жабыркагандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Баткенде автоунаа сайга оодалырып, айдоочу каза тапты

Баткен районунда «Фольксваген Гольф 2» үлгүсүндөгү автоунаа сайга оодарылып кетти. Кырсык 16-сентябрда Баткен шаарынын Тамаша-Жай тилкесинде катталган.  Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, сайга оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен айдоочу (1953-жылы туулган А.У.) каза болгон. Сайга оодарылган автоунааны ӨКМнин куткаруучулары жолго чыгарып беришкен.  

Баткенде автоунаа менен трактор кагышты. Кырсыктан эки адам каза тапты

Ош-Баткен-Исфана автоунаа жолунда Toyota Estima менен трактор кагышып, эки киши каза тапты. Автокырсык 6-августта 22:00 чамасында Кадамжай районунда катталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Toyota Estimaда жалпы алты адам болгон. Жүргүнчүлөрдөн экөө жеринде каза тапты. Калган төртөө түрдүү жараат алышкан. ӨКМнин куткаруучулары каза болгондор менен кошо жабыркагандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Быйыл Кыргызстандын аймагында 1600дөй жол кырсыгы […]

Ошто автоунаа сууга оодарылып кетти (фото)

Ош шаарында Nissan x trail үлгүсүндөгү автоунаа каналга оодарылып кетти. Кырсык 25-июлда 16:00 чамасында Моминова көчөсүндө катталган. Автоунааны аял киши башкарып келаткан. Ал Ош шаардык прокуратурасынын жанындагы каналга бурулуп жатып оодарыла кетти. Автоунаанын ичиндеги аялды окуяга күбө болгондор куткарып алышты. Бактыга жараша ал оор жараат алган эмес. Оодарыла кеткен машинаны эвакуатор чакыртып, жарым сааттын тегерегинде […]