Өлүм жарышы. Ошто көп учурда адам курмандыктары менен коштолгон жол кырсыктарынын себеби — айдоочулардын күнөөсүнөн катталат

Өткөн жылдын 20-декабрында Оштун борбордук көчөсүндө жол кырсыгы  катталган. Анын кесепетинен үч адам жеринде каза болгон. Кырсыктан өмүрү кыйылгандар Болот (аты өзгөртүлдү) жана анын эки досу болчу. Окуя болгон күнү алар жаңы жылдык кечеден келе жатышкан. Кокустан каттуу ылдамдыкта келе жаткан унаа карама каршы тилкеге чыгып өз жолунда бара жаткан машина менен кагышкан. Үч дос […]

ОСАГО жөнүндө билип калдыңызбы? Тесттен өтүңүз

Эки күндөн кийин айдоочулардын баары автоунааларын милдеттүү камсыздандыра баштайт. Анын ичинде сиз дагы болуп калышыңыз мүмкүн. Унааңызды камсыздандыруу учурунда өтө көп суроолорго туш болосуз. Андыктан биздин ОСАГО тууралуу даярдаган жеңил жана эсте калаарлык тесттен өтүп, алдын ала даярданыңыз. Ошондо унааңызды камсыздандырууда кыйналбайсыз. Сизге ийгилик!

Унааларды камсыздандыруу: акчалай айыпты артка жылдыруу керекпи? Сурамжылоо

Автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу мыйзамы 7-февралдан күчүнө кирет. Камсыздандырууну милдеттендирүүгө коомчулук азыр даяр эмес экендигин талдоочулар кулак кагыш кылышууда.  Ал ортодо каржылык көзөмөл боюнча мамлекеттик кызматы камсыздандыруу полиси жок айдоочуларга акчалай айып салуу талабын жылдырып турууну сунуштоодо. Эгер өкмөт колдоп берсе унаа ээлерин айып пулга жыгуу 6 айга артка калтырылат. «Т-Меdia Group» көтөрүлүп жаткан демилге боюнча элден […]

Автоунаалар милдеттүү түрдө камсыздандырылат. Видео

Февралдан баштап автоунаалар милдеттүү түрдө камсыздандырылат. 2019-жылга калтырылган «Милдеттүү камсыздандыруу боюнча автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилиги » жөнүндөгү мыйзам күчүнө кирет. Эгер унаа ээлери камсыздандыруу полиси жок кармалса айып пулга жыгылат. Деген менен унаа ээлери бул мыйзамга макулбу? Нааразылыктан улам артка жылдырылган милдеттендирүүнү коомчулук азыр кабыл кыла алабы? Сюжеттен көрүңүз.  

Ошто автоунаа уурдаган жаран кармалды

Ош шаарында  “Тико” үлгүсүндөгү эки автоунаасын уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, шектүү ѳз кѳрсѳтмѳсүндѳ автомашиналарды башка ачкыч менен уурдап жүргөн. Ал эки машинаны тең бир түндѳ шаарда такси катары пайдаланып, андан соң шаардан сырткаркы ээн аймактарга таштап кеткенин билдирген. Учурда кармалган жарандын үстүнѳн иш козголуп, иликтѳѳ иштери […]

Автоунаадан таштанды  ыргыткандарды айыппулга жыгуу сунушталды. Зарылчылык барбы?

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев автоунаадан таштанды ыргыткандарга айыппул салуу сунушун көтөрүп чыкты. Бул тууралу ал пленардык жыйында билдирди. «Айтымында, айдоочулар жана жүргүнчүлөр тамекинин калдыгын жана башка көптөгөн майда таштандыларды унаанын айнегинен ыргытып көнгөн. Мындай көрүнүштү жок кылуу үчүн аларды айыппулга жыгалы жана аны төлөөдөн баш тарткандарды кылмыш жоопкерчилигине тарталы. Ошондо гана тартип орното алабыз»,- дейт […]

Ошто тез жардам унаасы менен тико сүзүштү (видео)

Ош шаарынын Курманжан Датка жана Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишинде тез жардам кызматы менен “тико” үлгүсүндөгү автоунаа кагышып кетти. Окуя бүгүн 17:00 чамасында катталган. Алдын ала маалыматтар боюнча  кырсыктан жабыркагандар жок. Ош шаардык тез жардам кызматы бүгүнкү автокырсык боюнча маалыматты тактаган жок.

Ош: унаа салыгы жарымынан көбү төлөнө элек

Ош шаарында автоунаа салыгынан 16 млн 150 миң сом түштү. План боюнча дагы 20 млн сом жыйналышы керек. Муну «Т-Медиага Ош шаардык салык башкармалыгынын башчысынын орун басары Абдимиталип Жакыпов билдирди. «Быйыл автоунаа салыгын төлөгөндөрдүн саны салыштырмалуу жакшы эле. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштыртырганда быйыл 2 млн сомго көп жыйналды. Эми калганын 1-сентябрга чейин чогултабыз. Ал багытта ЖККУ […]

Ошто автоунаа сууга оодарылып кетти (фото)

Ош шаарында Nissan x trail үлгүсүндөгү автоунаа каналга оодарылып кетти. Кырсык 25-июлда 16:00 чамасында Моминова көчөсүндө катталган. Автоунааны аял киши башкарып келаткан. Ал Ош шаардык прокуратурасынын жанындагы каналга бурулуп жатып оодарыла кетти. Автоунаанын ичиндеги аялды окуяга күбө болгондор куткарып алышты. Бактыга жараша ал оор жараат алган эмес. Оодарыла кеткен машинаны эвакуатор чакыртып, жарым сааттын тегерегинде […]

Өлкөгө автоунаа алып кирүү арзандайт (түшүндүрмө)

25-июлдан Кыргызстанга чет өлкөдөн ташылган жеңил автоунааларга бажы төлөмү азайтылат. Бензин жана дизелдик автотранспортго бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү өлчөмү 2014-жылкы эсепке чейинки деңгээлде төмөндөтүлөт. Мамлекеттик бажы кызматы Кыргызстандагы беш белгилүү унааны мисал келтирип, өлкөгө алып кирүү менен документтештирүүгө канча кетээрин түшүндүрүп берди. Өткөн жумада өкмөт сырттан ташып келинген автомобилдердин бажы төлөмдөрүнүн өлчөмү эки аптадан […]