Баткен - Т-медиа

УКМК жарандарды чек ара маселесинде провокацияга алдырбоого чакырды

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, жарандарды чек ара маселесинде, эки мамлекеттин кызыкчылыктарына доо келтирген жана улуттар аралык кастыкты козуткан терс мүнөздөгү комментарийлер менен провокациялык чакырыктарды жайылтуудан алыс болууга чакырат.

Ош менен Баткендин бир нече аймактарында электр жарыгын өчүрүлөт

Бүгүн 12-сентябрда  Ош жана Баткен облустарынын айрым аймактарында электр жарыгы берилбейт. Чектөө оңдоо иштерине байланыштуу саат 8ден 17:00 гө чейин болот. Бул тууралуу «Ош электро» ишканасынан маалымдашты.

Чек ара: Милиция менен элдин кагылышуусу эмнеден чыкты

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчылыгы билдиргендей, социалдык тармактарда «кыргыз милициясы чек арадагы элдерди таратууда элге каршы ок атты» деген маалыматты төгүнгө чыгарды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын маалымат катчысы Дамира Юсупова маалымат таратты. Анын билдиришинче: 2019-жылдын 23-июлунан 24-июлуна караган түнү болжол менен 06-00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылдык аймагынын Ак-Сай айылынын тургундары, […]

Жээнбеков Баткендиктер менен жолугушууда

Президенти Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна бир күндүк иш сапарынын алкагында бүгүн, 4-июлда Баткен районунун жана Баткен шаарынын жашоочулары менен жолугушууда. Мамлекет башчысы Баткен жергесинин көйгөйлөрүн башкаларга караганда жакшы билерин айтты. Ошондой эле миграция, жумуш орундары менен камсыз кылуу, чек араны бекемдөө көйгөйлөрүн чечүү мамлекеттин милдети экенин белгилеп өттү. Жээнбеков региондорду өнүктүрүү боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп […]

Кыздын намысы 5 миң доллар турабы? Окуянын чоо жайы

Кадамжайда 16 жаштагы кызды зордуктаган Өзбекстандын жараны эки жылдан бери жоопко тартыла элек. Бул тууралуу «Т-Медиага» зордукталган кыздын атасы билдирди.  Анын айтымында, окуя 2017-жылдын 8-августунда саат 00:30 чамасында Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында болгон. 28 жаштагы Өзбекстандын жараны түн ортосунда  үйгө бастырып кирип кызымды зордуктаган деп даттанат кыздын атасы. «Саат 12:00дөр чамасында үйгө кирген. Мен үйдө жок элем. Кызды […]