Трибунадагы ката үчүн иштен алынган Абылкасымова министрликти сотко берди

Кыргыз-орус жогорку окуу жайларынын ректорлорунун биринчи форумунун трибунасындагы ката коомчулуктун кызуу талкуусуна алынган эле. Бул катачылык үчүн  министрлик 23 жыл билим берүү тармагында эмгектенген Гульмира Абылкасымова аттуу кызматкерди жумуштан алган. Абылкасымова бул чечимге нааразы болуп мыйзамсыз иштен алды деп билим берүү жана илим министрлигин сотко берген. Соттук отурум Биринчи Май райондук сотунда 26-апрелге коюлган. “Аталган министрликте […]

Ноокаттагы авариялык мектеп боюнча жетекчилик үн катты. Видео

Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы «Агарт» атындагы башталгыч мектебинде окутуу жүрүп жатат деген маалымат жалган. Жалгыз окуучу калганына байланыштуу мектеп быйылкы жаңы окуу жылынан тартып иштебей жатат. Бул маалыматты «Т-Медиага» райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Аккуш Асанбаев билдирди. Айтымында, социалдык тармактарда тараган видеодо «Агарт» мектеби 2018-жылдын 21-сентябрында иштеп жатат деген маалымат чындыкка коошпойт. «Быйыл окутуу токтотулган. Анткени […]

Өлкө мектептери ашыкча жүк менен иштөөдө

Азыр Кыргызстанда 2262 мектепте 1 миллион 223 миң бала окуйт. Көрсөткүч 227 миңге жакын окуучу каралган орундан ашыкча дегенди түшүндүрөт. Муну билим берүү жана илим министрлиги мектептердеги окуучуларды комплектөө боюнча берген түшүндүрмөсүндө билдирген. Министрликтин маалыматына ылайык,  446 мектеп бир нөөмөт, 1657 мектеп – эки сменалык тартипте иштөөдө. Ал эми 159 мектеп ашыкча толгонуна байланыштуу окутуу ийкемдүү […]

Ош облусунда мугалим жетишсиздиги жоюла баштады (видео)

Быйыл Ош облусунда мугалимдердин жетишсиздиги кыскартылды. Өткөн жылы облус боюнча 192 мугалим тартыш болсо, быйыл 44ү жетишпейт. Бул тууралуу бүгүн Ош облусундагы мугалимдердин август кеңешмесинде айтылды. Анда белгиленгендей, мугалимдер математика жана орус тил сабактарынан жетишпейт. Ош облусунда 530 орто мектеп бар. Анда жалпы 18 648 мугалим эмгектенет.

Жаңы окуу жылынан китептер ижарага бериле баштайт

2018-2019-окуу жылынан тарта Кыргызстанда мектептерде китептер кайрадан ижарага бериле баштайт. Азырынча 5-6-класстарды гана камсыздай алат. Ижарага берилчү китептер өлкөдөгү мектептердин баарын камтыбайт. Ош, Талас облусунун бардык мектептери, Ноокен, Кочкор, Кадамжай, Жайыл жана Ысык-Көл райондорундагы 397 мектепте ишке ашмакчы. Бүгүнкү күндө 5-6-класттар үчүн китептер жаңы билим берүү стандарттары боюнча басылып чыкты. Эми ал жаңы окуу жылы башталаары менен ижарага […]

Оштогу мектептерге «смс күндөлүк» системасы киргизилет

Жаңы окуу жылында Ош шаарындагы 10 мектепте окуучулардын сабакка келип кеткендигин ата-энесине билдирип турган система ишке кирет. «Смс күндөлүк» деп аталган система баланын мектепке кирген жана чыкканын маалымдап турат. Азырынча «смс күндөлүк» системасы кайсыл мектептерге туташтырылаары чечиле элек. Кирүү-чыгууну аныктаган техникалык жабдуулар билим берүү министрлиги тарабынан сатып алынат. Окуучуларды чип менен камсыздоо ата-энелердин өздөрүнө жүктөлөт. […]

Ош: бала бакчалар «электрондук кезек» системага өтөт (инфографика)

Быйыл сентябрда Ош шаарындагы бала бакчалар «электрондук кезек» системасына туташтырылат. Жаңычылдык кезекке турууну жөнөкөйлөштүрүү менен коррупцияны жоюу максатын көздөйт. «Электрондук кезек» системасына Ош шаары Бишкектен кийин эле өтүп жатат. Ишке ашырууга кетчү каржыны билим берүү министрлиги бөлүп берет. Электрондук система онлайн түрүндө жүргүзүлөт. Ата-энелер үйлөрүнөн эле каалаган бакчасын тандап, кезекке тура алат. Жаңы система төмөнкү […]

Төө-Моюнда мектептин атын коюу талашка түштү

Аравандын Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн Найман айылындагы В.И.Ленин атындагы мектепке айылдыктар Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, айылда көп жолу депутат болгон Кабыл Асановдун ысымын берүүнү демилгелеп жатышат. Бирок Жогорку Кеңештин аппарат башчысы Самат Ибраев атасы Кулике Ибраевдин атын берүүнү талап кылып, элге басым кылууда. Бул тууралуу Найман айылынын бир нече акскалдары жана аялдар, мугалимдер Ошто маалымат жыйын […]