билим - Т-медиа

Трибунадагы ката үчүн иштен алынган Абылкасымова министрликти сотко берди

Кыргыз-орус жогорку окуу жайларынын ректорлорунун биринчи форумунун трибунасындагы ката коомчулуктун кызуу талкуусуна алынган эле. Бул катачылык үчүн  министрлик 23 жыл билим берүү тармагында эмгектенген Гульмира Абылкасымова аттуу кызматкерди жумуштан алган. Абылкасымова бул чечимге нааразы болуп мыйзамсыз иштен алды деп билим берүү жана илим министрлигин сотко берген. Соттук отурум Биринчи Май райондук сотунда 26-апрелге коюлган. “Аталган министрликте […]

Ош облусунда мугалим жетишсиздиги жоюла баштады (видео)

Быйыл Ош облусунда мугалимдердин жетишсиздиги кыскартылды. Өткөн жылы облус боюнча 192 мугалим тартыш болсо, быйыл 44ү жетишпейт. Бул тууралуу бүгүн Ош облусундагы мугалимдердин август кеңешмесинде айтылды. Анда белгиленгендей, мугалимдер математика жана орус тил сабактарынан жетишпейт. Ош облусунда 530 орто мектеп бар. Анда жалпы 18 648 мугалим эмгектенет.

Жээнбеков: ЖОЖдор пайда табуунун айласына өттү

Кайсыл жерде билим, илим өнүксө, ал жер илим-билимдин борбору деп эсептелет. Тилекке каршы, өлкө ЖОЖдору билим сапатына эмес, көбүрөөк коммерциялык пайданы көздөөдө. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Ош МУнун искусство факультетинин ачылуу аземинде билдирди.  «Азыр көпчүлүк жогорку окуу жайлар коммерциялык пайда табуунун артынан кетип жатат. Бул көп деле пайда бербейт. Ошого карабастан биздин руханий дүйнөбүздү байыткан, […]