Бишкек - Т-медиа

УКМК: мушташка катышкандарды жашырды деген милиция кызматкерлери кармалды

Бишкек шаарында эки кишини каттуу сабагандарды жашырды деп шектелген Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттинин (УКМК) маалымат кызматы билдирүү таратты.

Кыргызстанга кымбат унаа алып кирүү боюнча коррупциялык схема аныкталды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Унаа” мекемесиндеги коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан кабарлашты.  Маалыматка караганда, УКМКнын “Унаа” мекемесиндеги кызмат адамдарына карата  козголгон кылмыш иштери боюнча тергөөнүн жүрүшүндө, башка кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып, коррупциялык схеманы түзүү менен бажы биримдигине мүчө эмес (Прибалтика, АКШ, Грузия) өлкөлөрүнөн КР аймагына ташылып келинген […]

«Ыйман» фондуна Самаган Мырзаибраимов жетекчи болду

Президенттин алдындагы “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп Самаган Мырзаибраимов дайындалды. Бул маалыматты ал өзү «Т-Медиага» тастыктады.  Буга чейин Самаган Мырзаибраимов Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин деканы болуп иштеген. Ал саясий илимдеринин кандидаты жана теология илимдеринин доктору (PhD), доцент наамдарына ээ. Президенттин алдындагы “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондун Нуржигит Кадырбеков жетектеген. Ал быйыл КРнын […]

Бишкекте таштандыларды кайра иштетүүчү завод курулат

Бишкек мэриясы апрелде таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушуна тендер жарыялоого ниеттенип жатат. Бул тууралуу «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Адилет Маматов билдирди. Анын айтымында, май айында Бишкектин учурдагы таштанды полигонунан 500 метр алыстыкта жаңы таштанды төгүү жайы курула баштайт. Ал 2020-жылы жазында пайдаланууга берилгенден кийин, анын аймагында таштандыларды ылгоо заводу […]

Бишкекти Манас деп өзгөртүү сунушталды. Колдойсузбу? Сурамжылоо

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы, саясатчы Эмилбек Каптагаев өзүнүн Фейсбук баракчасында Бишкектин атын Манас деп өзгөртүүнү сунуштады. Каптагаевдин пикиринде, борбор калааны Манас деп атоо бардык тараптан туура болот. Ал Бишкек баатыр тууралуу азыркыга чейин талаш жүрүп жатканын белгилеген. Сиз борбор калаанын аты Манас болуп өзгөрүшүнө макулсузбу? «Т-Медиа GROUP» жүргүзгөн сурамжылоого катышып, пикириңизди билдириңиз.

Милициянын эки тергөөчүсү пара талап кылып жаткан жеринен кармалды

Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын эки тергөөчүсү опузалап пара талап кылып жаткан жеринен кармалды.  Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай,  тергөөчүлөр 7-март күнү жарандардан кылмыш ишин токтотуу үчүн 300 доллар талап кылып жатканда кармалган. Алар милициянын лейтенанты А.Б жана кенже лейтенант М.О болгон. Учурда бул факт милициянын каттосуна алынып, кармалгандардын бири убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө амалдары уланып жатат.  Ички иштер […]

Дин жана ишеним эркиндиги маселелери боюнча жыйын өттү

Кечээ, 21-февралында Бишкек шаарында «Дин жана демократия боюнча конструктивдүү пикир алышуу» долбоорунун IV Пикир алышуу аянтчасынын жыйыны болуп өттү.  Жолугушуунун максаты дин жана демократия маселелери боюнча изилдөөлөрдүн биринчи жыйнагын жана семинарларга катышкан имамдардын өз алдынча үйрөнүү үчүн 6 күндүк семинарлардын окутуу программасынын материалдар жыйнагын талкулоо. Долбоордун максаты — дин жана ишеним эркиндиги маселелери боюнча ачык […]

Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандар кайтарылды

Кыргызcтандын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Нигериянын жарандары аныкталды.  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан билдиргендей, 6-февралда «Манас» эл аралык аэропортунда Кыргызстандын жасалма электрондук визасын колдонуп, чек арадан өтүүгө аракет кылган эки жаран кармалды. Алар нигериялык 1979-жылы туулган  Икене Анайо жана 1997-жылы туулган Карим Ахмед Оламилекан аныкталган. Текшерүү учурунда кармалган жарандар колдонгон Кыргызстандын электрондук визасы жараксыз […]

Кар көчкүсү каттала турган кооптуу аймактар.Тизме

7-февралга чейин жааган жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкүсү түшүүсү күтүлөт.  Өлкө аймагындагы кар көчкү ыктымалы сакталып жаткан аймактарды тизмектеп чыктык. Кооптуу аймактар менен инфографикадан таанышып, жолго чыкканда сак болуңуз.  Тизмектелген аймактарды көрүү үчүн стартты басыңыз.

Ысык-Көлдө катуу шамал чатырларды учурду

Кечээ 6-февраль күнү Ысык-Көл районунда ылдамдыгы секундасына 15-28 метрге жеткен катуу шамал катталып, имараттардын жана турак-үйлөрдүн чатырларын учурду.  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиргендей, шамал «Чолпон-Ата суу канал» муниципалдык ишканасынын 185 чарчы метр чатырын, Кош-Көл жана Тамчы айылында эки  турак-үйдүн 45 чарчы метр чатырын учурган. Катуу шамал   кечээ саат 15:30-16:00дөр чамасында катталган. Окуядан адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Учурда келтирилген материалдык чыгымдар […]